Menu

Зиядин Жамалдинов, “Өнүгүү-прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Мектептерди жеке менчикке айландырып алган директорлор бар”

Бөлүшүү:

– Зиядин Исламович, сиздин айтымыңызда, Кадамжайдагы сурьма комбинатынын акыбалы кыйын экен. Анын себеби эмнеде?

– Инвесторлор келип атат, бирок, биз алардын иш тартибин көзөмөлгө албай жатабыз. Мисалы, ошол Кадамжайдагы сурьма комбинатын алалы. 2005-жылы инвестор келип, 97 млн. сомго сатып алган. Ага ылайык, келишимде көрсөтүлгөн ишкананын буга чейинки карыздарын бүт инвестор төлөмөк. Андан тышкары, жаңы линияларды ачып, жаңы технологиялар менен жабдымак. «Жумуш ордулары кыскарбай, ошол бойдон калат» деген убадаларды беришкен. Бирок, арадан 13 жыл өткөн соң комбинатыбыз өнүккөндүн ордуна, тескерисинче, талкаланып, кээ бир мүлктөрү, жерлери сатылып, соцфондго, салыкка, электр энергиясына 72 млн. сом карыз экен. Андан тышкары, «башка мекемелерге да 180 млн. карыз» деген сөздөр жүрөт. Өкмөт, экономика министрлиги мындай ишканаларды карап, көзөмөлдөп туруш керек да. Өз эркине тим койчу болсок, эртең ишкананы банкрот кылып, сатып кетип калышы мүмкүн. Отурабыз анан. Бул комбинат союз учурунда өтө кирешелүү, райондун бюджетинин басымдуу бөлүгүн берген ишкана болчу. Азыр болсо талкалануунун алдында турат.

– Эгер инвестор милдеттенмелерин аткарбаса, кайра алуу жагы каралганбы?

– Ал келишимде каралган. Кайра алса болот да, эмнеге болбойт экен? Караган, көзөмөлдөгөн адам жок болуп атпайбы.

– Өкмөт мектеп директорлоруна 65 жаш куракка чейин гана иштөөгө уруксат берген мыйзам долбоорун сунуштады. Кандай дейсиз, бул чара мектептердеги кадр маселесин чечүүгө, окутуунун сапатын жакшыртууга оң таасир эте алабы?

– Менин билишимче, азыр 65 жашка чейин иштеген директорлор жок деле. Мен андайларды кездештире элекмин. Бирок, ошол эле учурда мектептерди жеке менчикке айландырып алган директорлор бар. Өзү пенсияга кетсе уулуна, же келинине, кызына өткөрүп берет. 2014-жылы «мектеп директору бир гана мөөнөткө шайлана алат» деген өкмөттүн токтому чыккан экен. Бирок, ал норма аткарылбай жатат. Чынын айтканда, билимдүү балдарды тарбиялаган кээ бир алдыңкы мектептер бар. Эгер алардын директорунун мөөнөтү бүткөн болсо, начар бир мектепке которуп, анын билимин, тажрыйбасын колдонуп, ал мектепти да көтөрсө болбойбу? Болот, албетте.

Маектешкен: Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: