Menu

Видео – Калича Умуралиева, укук коргоочу: “7-апрель төңкөрүшү анын урматына бир көчөнүн атын атоого татыксыз”

Бөлүшүү:

“Бишкектин Шабдан Баатыр көчөсүнө “7-апрель” көчөсү деген аттын берилиши мыйзамсыз, анткени КР өкмөтүнүн Бишкектин көчөлөрүнө 2020-жылга чейин жаңы аттарды берүүгө тыюу салган токтому бар, себеби 2020-жылы жалпы мамлекеттик эл каттоо болот. Бул туура токтом болгон. Бирок, КР Өкмөтүнүн тыюу салганына карабай Бишкек шаардык кеңеши Шабдан Баатыр көчөсүнүн бир бөлүгүн 7-апрел көчөсү деп атап салды”, – деп билдирди бүгүн, 27-декабрда укук коргоочу Калича Умуралиева Бишкек шаардык сотунун бул маселе боюнча отурумунун алдында.

“Бишкек шаардык кеңеши ал чечими менен бир нече мыйзамдын нормаларын одоно бузду. Мисалы, кандай учурда көчөлөрдүн атын алмаштырууга боло турганы тууралу мыйзамдын нормалары бар, ага ылайык, эгер эки географиялык объектинин аталыштары окшош болуп калып, бирин өзгөртүү зарыл болгондо, экинчиси кандайдыр бир тарыхый чындыкты калыбына келтирүү үчүн, болду башка жолу жок. Биз эми Жогорку Сотко чейин жетебиз, анткени 7-апрель датасы анын урматына бир көчөнүн атын атоого татыксыз экенин убакыт, тарых көрсөттү. Бул төңкөрүштү кимдер жана кандай максатта жасашканын биз көрдүк. Мына бүгүн да Бишкек шааардык кеңешинин өкүлү “биз даяр эмеспиз” деп сот отурумун 17-январга чейин жылдыртты. Бишкек шаардык кеңешинде толук баш аламандык өкүм сүрүп калды”, – деди укук коргоочу Калича Умуралиева.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: