Парламент 1-14-январга чейин кышкы эс алууга тарайт. Аталган токтом бүгүнкү отурумда кабыл алынды.
Муну менен, 1-7-январга чейин депутаттар жаңы жылдык майрамдарды белгилеп эс алышат, ал эми 8-12-январда эл өкүлдөрү аймактарда иштешет. Жумушка Жогорку Кеңеш 14-январда кайтып келет.
Белгилей кетсек, өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстанда кышкы эс алуу 2019-жылдын 1-7-январга чейин созулат.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ