Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаарынын мэриясы жаңы жылдык корпоратив өткөрбөй тургандыгын, аны өткөрүүгө кызматкерлеринин убактысы жок экендигин билдирди.
Маалыматка ылайык, кызматкерлер жаңы жылдык корпоратив өткөрүүнүн ордуна ооруп жаткан кесиптешине акча чогултушкан. Ошентсе дагы аны өткөрүүгө убакыт жок экендигин кошумчалашкан.
Эскерте кетсек, өкмөттүн аппарат кызматкерлери жана Жогорку Кеңеш жаңы жылдык корпоративден баш тарткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ