Menu

Камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясы Социалдык фонддон Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлөт

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кирешелерди администрациялоо жаатында ишкерлерди колдоо маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.

Премьер-министр акыркы жылдары актуалдуу эсептелип келген аталган маселенин өзгөчө  маанилүүлүгүн белгиледи. Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул чара ишкерлердин отчет тапшыруусунда убактысын бир топ үнөмдөөгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары, салык мыйзамдарын жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө  бир мамлекеттик орган  тарабынан (МСК) ишке ашырылат. Өкмөт башчы белгилегендей, мамлекеттик камсыздоо боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн башкаруу функциясын Кыргыз Республикасынын  Социалдык фондунан  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик  салык кызматына өткөрүү жөнүндө чечим  кабыл алынган. КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна кол коюлган, ал 2019-жылдын 15-январында күчүнөкирет.

«Мунун өзү бизнес менен алектенген юридикалык жана физикалык жактардын административдик жүктөмүн кыскартууга, салык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчет берүүдө жана  камсыздандыруу полисин алууда убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет, анткени, муну бир мамлекеттик орган – Салык кызматы  аркылуу ишке  ашырса болот.  Ошондой эле тийиштүү  текшерүүлөрдүн  саны  азайтылат, себеби,аны салык орган кызматкерлери аткарат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек  Абжапаров билдиргендей,  МСК патент  жана камсыздандыруу полистеринин формаларын бириктирүү маселеси боюнча иштөөгө,  ошондой  эле киреше салыгы боюнча отчеттуулуктун жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча эсептик ведомосттордун бирдиктүү формасын иштеп чыгууга ниеттенүүдө. Ал кошумчалагандай, салык органдарынын ыйгарым укуктарын эске алуу менен мамлекеттик социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү менен  камсыздоонун  жана түшүүлөрдүн көбөйүүсү күтүлүүдө.

Социалдык фонддун төрагасы Медербек Ирсалиев  кошумчалагандай, жогоруда  көрсөтүлгөн функцияларды  өткөрүп берүү процессин жеңилдетүү үчүн 2019-жылдын 1-июлуна чейин МСКнын убактылуу карамагына Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынын 240 кызматкери жөнөтүлөт.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, жаңы куралдарды киргизүүдөгү бардык механизмдер так жана болушунча натыйжалуу иштелип чыгууга тийиш.

Мындан тышкары Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев төлөөчүлөрдүн салык  органдарынын кызматкерлери менен түз байланышын азайтуу максатында салык органдарына камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча отчетторду электрондук түрдө берүү боюнча сервисти ыкчам тартипте ишке киргизүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: