Экс-президент Алмаз Атамбаев 11-январда Индияга эс алуу үчүн он күнгө учуп кетет. Бул тууралу КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Ооба, Алмазбек Шаршенович партиялык иштерден эс алуу үчүн кыска мөөнөттүү өргүү алууну максат кылууда. Ал азыр мамлекеттик кызматкер эмес, ошондуктан ар кандай мүнөздөгү сапарларга чыгууга анын акысы бар. Сураныч, мындан саясат жасабагылачы.
Ал сапарга 11-январда чыгат. Ал эми Кыргызстанга экс-президент 21-январда кайтып келет”, – деп жазат Кундуз Жолдубаева.
Сөздүн ток этер жери – Алмаз Атамбаев кыштын ызгарында ысык өлкөлөрдүн бири Индияга, эс алып, Гоада күнгө кактанганы кетип жатса анын соратниктери Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов , Албек Ибраимов, Жантөрө Сатыбалдиев жана башкалар УКМКнын караңгы жана муздак дубалдарынын ичинде тумчугуп, сот процесстерин күтүп жатышат.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ