Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот

Бөлүшүү:

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 9-январда Сокулук районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

«Бул долбоорлорду каржылоого ЕБРР, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржылоо күтүлүүдө. Ошондой эле Кытай Эл Республикасы жана Араб өлкөлөрү тарабынан да калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлорун каржылоого кызыгуу бар. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот, бул менин президенттикке иалапкер катары айткан убадаларымдын бири», — деп эске салды Сооронбай Жээнбеков.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: