Menu

Милициянын подполковниги Күнболот Касымалиев адам колдуу болуп өлтүрүлгөн

Бөлүшүү:

9-январдын түнү милициянын подполковниги, Нарын облустук ИИББсинин улук опери Касымалиев Күнболотту өлтүрүп кетишкени маалым болду. Ал 37 жашта болчу. Анын сөөгү бүгүн таңга маал менен Кант шаарында табылган. Ал эми айдап жүргөн машинеси «Дордой» базарынын аймагынан табылды. Маркумду кечээ түндө Бишкектеги туугандарынын үйүнөн тааныштары чакырып кетишкен. Андан ары окуя кандайча болгону тууралуу азырынча такталып жатат. Учурда Касымалиевди өлтүрүүгө шектүү катары милицияда мурун иштеп кетишкен эки дам кармалып, сурак берип жатышат. Айрым маалыматтар боюнча кармалгандардын бири мурун түрмөгө олтуруп чыккандыгы айтылууда. Касымалиев Күнболот ИИМдин академиясы бүтүп, Жумгал, Кочкор, Ат-Башы райондорунда иштеген. Үч баланын атасы. Маркумдун сөөгү Нарынга коюлмакчы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: