Эртең, 11-январда Индиянын Гоа курортуна үй-бүлөсү менен эс алууга кетип жаткан Алмаз Атамбаев бүгүн ал оюнан айнып калганы белгилүү болду. Бул тууралу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу билдирди:
“Урматтуу достор!
Кыргызстандын экс-президенти, КСДПнын төрагасы Алмаз Атамбаев өзүнүн кыска мөөнөттүү өргүүсүн кийинки мөөнөткө калтырды. Эске салсам, Алмаз Шаршенович үй-бүлөсү менен 11-январда Индияга эс алуууга кетүүнү пландаган эле. Сураныч, мындан саясат издебегилечи!” – деп жазат Кундуз Жолдубаева.
Кыязы, жакын табакташтары УКМКнын караңгы жана муздак жер төлөсүндө күн жетпей, таза аба жетпей тумчугуп жатышканынан улам өзү Гоа курортуна барып, күнгө кактанганга бети чыдабай уялса керек.
Баса, Максим Бакиев менен Алмаз Атамбаевдин оң колу болуп кызмат өтөгөн Сапар Исаковдун бүгүн экинчи кылмыш иши сотко даярдалып бүткөндүгү кабарланды.
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ