Күндүзгү стационарлар 27 миңден ашык адамды кабыл алды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.
Мэриянын түнкү стационарлары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат. Эртең менен саат 8:00дөн кечки 20:00гө чейин ийне, тамчылатып дары алуу жана медициналык кеңеш үчүн шаардыктар кайрылып жатышат.
13-июлга карата мэриянын стационарлары 27 миң 169 адамды кабыл алды. Анын ичинен 20 миң 317 адам тамчылатып дары жана ийне алышкан, 6 миң 687 адамга медициналык кеңеш берилип, 156 адам жаткырылды. Бактыга жараша кечээ каза болгондор болгон жок. (мурда каза болгондор – 9).
12 стационарда 241 адам: дарыгерлер, медайымдар, санитарлар, ординаторлор жана ыктыярчылар иштеп жатышат. Алар жеке коргонуу каражаттары, тамак-аш, убактылуу турак-жай менен камсыздалды.
Белгилей кетсек, стационарлардын ичинде санитардык талаптардын бардыгы сакталат. Үзгүлтүксүз дезинфекциялоо жүргүзүлүп, кол кап-маска режими киргизилген, оорулуу адамдар жана кызматкерлер кире бериште дезинфекцияланган туннелдерден өтүшөт, керебеттердин ортосундагы аралык эки метрди түзүп, коргоочу тосмолор орнотулган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ