Menu

Ыңгайсыз суроо: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гуламжан Анарбаевге

Бөлүшүү:

Мамлекетибиздин май-талкан кызматында олтурган Гуламжан Анарбаевдин жоругу жолдо калсын, эй! Өткөн жылдын аяк ченин деги «өзүн өзү билип, өтүгун төргө илген» чабал жетекчи экендигин тастыктаган «атала-шоусун» көрбөдүкпү. Ар бир жарандын, айрыкча бизнесмендердин банктык эсебинде канча акча бар экендигин билиш үчүн банктар маалымат берүүсүн талап кылганы эмне деген шермендечилик? Бери дегенде мыйзамды тебелеп тепсөө менен барабар да. Мээ жок болсо сөз айтып бекер экен го. Кандай максат менен мындай кадамга барганын өзү деле билбесе керек. «Гриф» коюлган каттын көчүрмөсү чыгып кеткенден кийин көчүгү түшкөн аюудай айкырып, анын көчүрмөсүн (копиясын) чыгарып жибергендерди жазага тартыш керек деп чамынды, кайра беттырмарлык кылып. Мыйзамды сыйлоо дегенди мындай кой, бул эргулда уят деген таптакыр жок экен да. Бул боюнча пикирин угалы десек маек берүүдөн баш тартууда. Демек, чындыктан качкан Чынарбаев, тоюс Анарбаевдин калбыры «калдырап» калган окшойт. Жүзмөжүз жолугуудан айбыксаңыз, гезит аркылуу собол узаталы, «паранжанын» артынан жооп берээрсиз.

—Айтыңызчы анда, атыңыз назик Гуламжан мырза! Сиз бир кездерде Жаныш Бакиевдин желдеттеринин бири, тагыраагы «шоопуру» болгонуңуз чынбы? Бул сөздөр эл оозунда айтылып жүрөт. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дейт да элибизде. Дейт, дейттердин баары эле жөн чыкчу эмес эле. Анан да ар бир жарандын банктык эсебиндеги каражаттардын суммасын билүү менен эмнени көздөдүңүз эле? Бул кылганыңызды туура болгон деп эсептейсизби?

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: