Menu

Борончу Кудайбергенов, куудул: “Ар бир кыргыз үчтөн түкүрсө Кытайга карызыбыздан кутулабыз”

Бөлүшүү:

– Тамеки тарткандарга “курилка” бар экен, насыбай тарткандарга кыйын болду. Алар “кайда түкүрөбүз?”- деп баштарын катырып жатышат. Ошондуктан, мыйзам кабыл алганга жараша өкмөт насыбайчыларга шарт да түзүп берип, ар бир ишкана, ар бир бурчка “түкүрилка” орношуп коюшсун. Болбосо, насыбайчылар насыйбайды түкүрбөй эле жутуп коюнунун ыкмасын ойлоп башташыптыр. Бул мыйзам менен Кытайдын карызынан кутулуунун оңой жолу табылды. Ар бир түкүрүк 5500 сом болсо, алты миллион кыргыздын ар бири бирден түкүрсө, 33 миллион сом, бул 475 миң доллар болот экен. Дээрлик жарым миллион. Ар бир кыргыз үчтөн түкүрсө карызыбыздан кутулабыз. “Көп түкүрсө көл болот” дейт, келгиле, үч жолу түкүрүп коелу да, кенен-кенен түкүрүп жашай береди. Айлык көтөрүлбөсө, жумушчу орундары пайда болбосо, бизди ушул абалга жеткирген коррупционерлердин бетине баарыбыз биригип “шалп” эттирип түкүрүп салалы.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: