Menu

Мээрбек Мискенбаев, экс-депутат: «Алар сопсонун билишет, мен кайда, эмне кылып жүргөнүмдү»

Бөлүшүү:

7-январда, Бишкек шаарында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытай мигранттарына жана 1-январдан тартып күчүнө кирген Эреже бузуулар жөнүндөгү кодекстеги айып пулдардын жогору экенине каршы болгондордун митинги болуп өттү. Айрым электрондук маалымат булактарында аталган митингдин уюштуруучуларынын бири катары КСДП партиясынын мүчөсү, экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин да катыштыгы бар деген маанайдагы сыпаттамалар таратылууда. Мына ушундай маалыматтардан улам айтылып жаткан андай билдирүүлөрдүн имиш-чынын билүү үчүн М. Мискенбаевдин өз оозунан угууну эп
көрүп, ал жигитке суроо узаттык.

– Айрым маалымат булактарында 7-январда болуп өткөн митингге сиздин да тиешеңиз бар экендиги жөнүндө айтылып жатат. Айтсыңыз чыныңызды, айтылып жаткан кептердин канчалык чындыгы бар?

– Рахмат өз оозумдан угуп тактап коёлу дегениңерге. Мен терең ишеним менен айта алам, ал нааразычылык акциясына менин эч кандай тиешем жок, болгон эмес, болбойт дагы.

– Анда мындай сөздөр кайдан чыгып жатат?

– Билбейм, бирок бир нерсени так айта алам, акыркы бир жылдан бери ушул сыяктуу имиштерди бийлик тарап менин дарегиме уйгактай эле жабыштыра бергенди кадимкидей адатка айлантып алышты. Ишенсеңер азыр менин баскан-турганым, кай жерден кирип, каяктан чыкканым баары алардын желдеттеринин көзөмөлүндө. Жанагыдай жалган имиштерди мага чаптагандан мурда бийлик менин артымдан ар убак аңдып жүрүшкөн ошол из кубарларынан сураса болмок. Алары сопсонун билишет мен кайда, эмне кылып
жүргөнүмдү. Экинчиден, акыркы сегиз айдан бери келинчегимдин оорусу менен алышып, ой-санаамдын баары ошол болуп жатканын Жээнбековдор да сопсонун билишет.

– Кечиресиз, «баскан-турганымдын баары көзөмөлдө» деп атасыз, анчалык эмне кылдыңыз эле?

– Коомчулуктун деле эсинде болсо керек, мындан бир жылча мурун жаңы президент шайлангандан кийин анын иниси Асылбек Жээнбеков депутаттык мандатын тапшырыш керек болчу деп айткам. Ошол бир ооз ачык пикирим үчүн бир жылдан бери тоскамды чыгарышты, бассам турсам аңдымай. Мен терең ишеним менен дагы да ачык айтам, мындай кебез менен мууздагандай кодулоонун аягы жакшылык менен бүтпөйт. Кезинде Акаев да, Бакиевдер да оппоненттерине дал ушундай аракеттерди жасашып, акыры өздөрү ошол «аңга» түшүп калышты го. Эми минтип жанагы митингди мага жабыштырып атканына күйбөгөн жериң күл болот экен.

– Деги эле ушул сыяктуу нааразычылык акцияларга, митиндерге пикириңиз кандай?

– Эгерде митинг, пикеттер тынчтык жолу менен болсо, ал коомдогу кандайдыр бир терс көрүнүштөрдү оңдоонун, жаралган каталарды ошо бийликтегилердин өзүнө жеткирүүнүн бир жолу деп түшүнөм. Бул деген кадимкидей эле демократиялык принциптердин бир көрүнүшү деп эсептейм. Андайда бийлик тарап жашынып, бекинип алганы же нааразычылык акциясына чыккандарды тескерисинче кодулап, коркутуп-
үркүтүүсү демократиялык эмес, авторитардык кадамдын белгиси. Андай көрүнүштү жогорку жактагылар диалогго баруу жолу менен тынч маанайда чечип койсо, андан эч кандай жамандык болбойт. А эгер болбой эле күчкө сала беришсе, айттым го андай нерсе акыры жакшы менен бүтпөйт.

– Бирок, кандай болгон күндө да бизге азыр стабилдүүлүк аба менен суудай эле керек…

– Мен да ушул айтканыңарга кошулам. Бизге азыр эч кандай революциянын кереги жок. Муну мен ошол революция деген кандай экенин жүрөгүм менен өткөргөн адам катары айта алам. 2010-жылдын 7-апрелиндеги бей күнөө аккан кан, барчындай кыйылган өмүрлөр ар убак көз алдымда. Оор, жаман андай окуя. Өкүнүчтүүсү, ошондой окуяларды бийликтегилер өздөрү жаратышкан, тагыраагы ошондой окуялардын жаралуусуна өздөрү себепкер болушкан. Чындыкты ачык айткандардын үнүн укпай, бийликте болсок эле баары биз каалагандай болот деп көздөрүн май басып калган. Мени азыр терең өкүнтүп жатканы, азыркы бийлик да Акаевдик, Бакиевдик жолго түшүп баратканында. Учурдагы бийликтин түшүнүгүндө «бул биздики, бул тигинин кишиси» деген «фишка» пайда болуп калганында. Анын натыйжасында саткындар менен сатпагандардын тиреши пайда болуп калганында. Кыскасы, азыр бийликте стабилдүүлүктү сактоонун бир гана жолу турат, ал жол Жээнбеков айткан «аз уктап көп иштеш керек» деген сөзү жөн эле кур сөз болбой, артты карап эле Атамбаевдин айланасын аңдый берүү менен алектенбей алдыны карай жылыш зарыл. Кара жандарын карч уруп, элдин жакшы жашоосу үчүн ынтымакта, биримдикте иш алып баруулары керек. Себеби мүмкүнчүлүк да, бардык жоопкерчилик да ошолордун мойнунда. Акылдуу бийлик деген душман издебейт, жол издейт.

– Макул дейли, а бирок сизге карата асылуулар токтобой койсочу?

– Анда бул бийликтин апенди болуп калганы. Менин деңгээлиме түшүп жатышса, анда бул бийликтин абалы өтө оор экени.

Ардак Касымбеков

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: