Бүгүн, 5-июнда “Республика – Ата-Журт” парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Руслан Казакбаев өлкөдөгү коронавирус илдетин жуктуруп алган бейтаптарды кантип дарылап жатышкандарын сурады.
“Өлкөдө күндөн-күнгө коронавирус илдетин жуктургандардын саны көбөйүп жатат. Өткөндө бир эки күн 20, 30дай эле чыгып жаткан. Учурда кайра эле 50, 60тай чыгып жатат. Азыр ушул ооруну кантип дарылап жатасыздар? Бүгүн дагы эки бейтап каза болуп, көз жумгандардын саны 22 адамга жетиптир. Бул ооруга каршы вакцина жок болсо эмне менен дарылап жатканыңыздарды билсем болобу?”,- деди депутат.
“Негизинен Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунун сунуштамасы менен дүйнө жүзү боюнча бир калыпта жумуш алып барылууда. Бул боюнча БДССУ ай сайын өздөрүнүн сунуштарын берип, ошонун негизинде биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги иштеп жатат”,- деп жооп берди Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Шадыханов Калысбек.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ