Menu

Ошто 30 жаштагы келин кайнисинин 2 жаштагы баласын шымына сийип койгону үчүн сабап өлтүргөн

Бөлүшүү:

Ош шаарында 30 жаштагы келин кайнисинин 2 жашар баласын шымына сийип койгондугу үчүн сабап өлтүрүп алган. Бул тууралу Ош шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Баланын ата-энеси ажырашып, эки бала атасынын колунда калган. 2018-жылдын 30-декабрында атасы Россияга жумуш издеп кетип жатып балдарын бир тууганына убактылуу карап туруу үчүн тапшырып кеткен.

Кечээ, 10-январда болжол менен саат 15.00.дө Ош облустук балдар ооруканасына 2016-жылы сентябрда төрөлгөн эки жашар баланы анын атасынын бир тууганы жеткирген. Анын айтуусу боюнча баланын температурасы көтөрүлүп, эс-учун жоготуп койгон. Бирок врачтар текшерип көрүп, бала ооруканага келе электе эле чарчап калганын такташып, милицияга билдиришкен.

Жетип келген милиция баланын денеси көгала экенин байкап, ал күч колдонуу менен өлтүрулгөн болуш керек деген шек менен соттук-медициналык экспертиза дайындаган.

Соттук-медициналык эксперттердин катышуусу менен кайра текшерүү жүргүзүлгөндө баланын денесинен көгөргөн, кызарган жерлер жана сол желкесинде жаракат табылган.

Ыкчам-иликтөө иш чараларынын негизинде бул кылмышка  баланын атасынын бир тууган агасынын аялы, 1988-жылы туулган К.Б. аттуу келин шектелип кармалып, абакка алынган.

К.Б. милициянын сурагында кээ-кээде бала шымына сийип койгондо баланын буттарына чапкылап, чымчып жазалап жүргөнүн мойнуна алган. Мындай “тарбиялоо учурлары” болгонун анын күйөөсү да тастыктаган. Алардын өздөрүнүн да 5 баласы бар экен.

Милиция азырынча КР Кылмыш-жаза кодексинин 138-адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүү беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Тергөө иштери улантылууда.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: