Menu

Өзбекстан туура эмес тамактануу боюнча өлүм деңгээли жогору өлкөлөрдүн башында турат

Бөлүшүү:

Фридрих Шиллер атындагы Йена университетинин окумуштуулары туура эмес тамактануу боюнча өлкөлөрдүн рейтингин түзүштү. Эң жогорку көрсөткүчкө Өзбекстан ээ болду.

Иликтөөнүн жыйынтыктарына ылайык, 1990-2016-жылдар аралыгында Өзбекстанда 100 миң кишинин 394тү зыяндуу азык-түлүк менен тамактануунун курмандыгы болгон.

Рейтингде алгачкы 11 орунду мурдагы советтик өлкөлөр ээлешкен. Экинчи жана үчүнчү орунда Түркмөнстан менен Кыргызстан турат.

Андан ары тизмеде Украина, Молдова, Азербайжан, Беларус, Тажикстан жана Казакстан жайгашкан. Орусия 100 миң кишинин ичинен 291 өлүм көрсөткүчү менен онунчу катарда.

Иликтөөнүн авторлору бул өлкөлөрдүн жашоочулары тузду көп колдонорун, жашылчаларды аз пайдаланышарын белгилешкен.

​Европада туура эмес тамактануунун айынан өлүм көрсөткүчү жогору болгон өлкө – Германия. Окумуштуулардын маалыматына караганда, Испания, Израиль жана Франция жашоочулары туура тамактанууга өзгөчө көңүл бөлүшөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: