Menu

Ысык-Атада 15 жаштагы кыз көз жарды

Бөлүшүү:

Ысык-Ата районунда 15 жаштагы кыз көз жарды. Бул тууралуу Чүй облусунун Башкы ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, өспүрүм 11-январ күнү аймактык ооруканаysya төрөт бөлүмүнө түшкөн. Бала өз мөөнөтүндө, дени сак болуп төрөлгөн. Анын апасы дагы өзүн жакшы сезүүдө.

Аталган иш боюнча милиция кызматкерлери өспүрүмдүн апасынан дагы сурак алышкан.

Кыздын айтымында, ал өткөн жылдын апрель айында жигит менен таанышып, аны менен жыныстык катнашка барган. Учурда ал өлкөнүн аймагында эмес, акча табуу үчүн чет өлкөгө кеткен.

Өспүрүмдүн айтымында, ал кош бойлуу экендигин жигити Кыргызстандан кеткенден кийин билген, ал азырынча ата болгонун билбейт.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестиринде катталган. КР кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесине ылайык (жашы жете элек жак менен сексуалдык катнашка баруу) иштин жагдайларын аныктоого багытталган иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө. Керектүү экспертизалар жана сотко чейинки текшерүү дайындалган.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: