Menu

“Вечерний Бишкектен” айрымдар дагы акча жасоону көздөп жатышабы?

Бөлүшүү:

Бийлик алмашкан сайын “Вечерный Бишкек” гезитин талашкан жаңжал чыгып туруусу адат болуп калды. Азыр Кыргызстандын көз карандысыздыктан берки бешинчи бийлиги аракетте, “Вечерний Бишкек” да бешинчи жолу бөлүштүрүлгөнү жатат. Анын себебин түшүнүү үчүн жаңжалдардын тарыхына саресеп сала кетели.

“Вечёрканы” алгач 1991-жылы ошол убакта “Известия” гезитинин Кыргызстандагы өз кабарчысы болуп иштеген Александр Рябушкин менен гезитте жооптуу катчылык кылган Александр Ким экөөсү менчиктештирип, аны рекламалык материалдар менен камсыз кылып туруучу “Рубикон” фирмасын түзүшүп, анын акцияларын да теңме-тең 50 пайыздан бөлүп алышат. Мында негизги ролду А.Рябушкин ойногон, анын жардамы менен редакцияга шаардын борборунан жай сатылып алынган. Ал Россиянын борбордук гезитинин өз кабарчысы катарында жергиликтүү бийликтегилерге таасири болсо, эч ким А.Кимди саясый же медиа фигура катарында эсептеген эмес. Бирок, гезит менчиктештирилгенден тартып, анда түздөн-түз иштеген адам катарында анын каржылык маселелери толугу менен Александр Кимдин көзөмөлүндө болгон. Анткени, андан кийин да бир нече жыл А.Рябушкиң “Известиянын” өз кабарчысы болуп иштеп турган.

Базардык экономиканын өнүгүшү менен “Рубикон” ай сайын ондогон миллион сом киреше алып келүүчү фирмага айлангандыктан, ага тез эле биринчи үй-бүлөлүк башкаруунун ээлеринин назарлары түшөт. А.Ким жең ичинен Адил Тойгонбаев менен сүйлөшүп, А.Рябушкинди коркутууга чейин барат да ага тиешелүү 50 %дык үлүшүн Тойгонбаевдин пайдасына тартып алат. А.Ким бул үлүш үчүн А.Рябушкинге акчасын бере турганына ишендирип, убада кылат. Ошол эле мезгилде А.Ким өзүнүн үлүшүнүн 1 %ын гана А.Тойгонбаевге өткөрүп берген. Мында рейдерлик жол менен ээлик кылып алуу болгону 2015-2016-жылдары соттордо далилденип, сатып алуу келишими болгону, акчасы төлөнгөнү боюнча бир да документ, билдирме кат далил катары көрсөтүлгөн эмес. Андан кийин Рябушкиндер өз үлүштөрүн кайтарып алуу боюнча бир канча жолу сотторго кайрылган. А.Ким алардын үлүшүн кайтарып алууларына ар кандай тоскоолдуктарды жаратып жүрүп олтурган. Ошол кездери А.Кимдин Акаевдердин үй-бүлөсү менен каржылык келишпестиктер орун алат. А.Кимдин үстүнөн салыкты, кирешесин жашырганы үчүн сотко доо-арыз менен кайрылуулар болот. Бирок А.Кимди сот иштеринен 2005-жылкы революция сактап калат. Кырдаалды туура аңдаган А.Ким заматта Бакиевдердин колтугуна кире качып, алар менен тыгыз иштешкенге өтөт. Каржылык оор абалга тушуккан Рябушкиндердин үй-бүлөсү батирин сатып, дачасында кыйынчылыкта күн кечирүүгө аргасыз болуп келген.

Бакиевдер бийликке келери менен А.Ким “Вечёрканы” жана “Рубиконду” сот аркылуу А.Тойгонбаевден кайтарып алууга жетишет. Ага ошол кездеги президент Курманбек Бакиев да жардам бергени чындык. Аны К. Бакиев өзүнүн “Боль, любовь и надежда: мой Кыргызстан” деген китебинде: “Александр Ким 2000-жылы “Вечерний Бишкекти” Бермет Акаева менен анын күйөөсү А. Тойгонбаевге алдырып ийген эле. Март революциясынан кийин акыйкаттуулук орнотулуусу үчүн менден талап кылынгандын баарын жасадым. Жыйынтыгында А. Ким 18 соттук отурумдардан кийин “Вечерний Бишкекти” анын мүлктөрү менен кошо кайтарып алды”- деп жазат.

Гезит өзүнүн бир санында мурдагы атайын кызматтын өкүлү, кийин Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүргөн Эркин Мамбеталиевдин туура эмес, мыйзамга каршы келген иштери жөнүндө жазып, Эркин Мамбеталиев “менин бедел-аброюма доо кетирди” деген негизде гезиттин редакциясын сотко берип, сот Мамбеталиевге 5 млн. сом төлөп берүүнүн милдеттендирген чечим чыгарат. Бул А. Кимдин тушунда эле. Андан көп өтпөй А.Рябушкин сот аркылуу өзүнө тиешелүү мыйзамдуу үлүшүн кайтарып алганга жетишип, 5 млн. сомду төлөө А.Рябушкиндин маалына туш келет. А. Рябушкин жана бир катар акционерлер доогер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 5 млн. сомду 1 млн. сомго түшүрүшкөн. 2016-жылы соттун чечимин аткаруу максатында 1 млн. сомдун бир бөлүгү “ВБ” ЖАКнын кассасынан төлөнүп, бул тууралуу бардык акционерлер кабардар болушкан. Бүгүнкү күндө 1 млн. сом “Рубикон” тарабынан толугу менен калыбына келтирилип, “ВБ” ЖАКнын кассасына кайтарылган. Ал эми А.Кимдин жакын адамы, МСНдин директору Кузьмин бир сом да төлөгөн эмес. Ал эми сот 1 млн. сомду төлөөгө “ВБ” менен Рубиконду эле эмес, МСНди да милдеттендирген болчу.

2000-жылы А.Тойгонбаев А.Кимдин жардамы аркасында А.Рябушкинге таандык акцияларды тартып алган менен анын акчаларын же дивиденддерин төлөгөн эмес. Мына ошолор туумдары менен 388 миллион 459 миң сомго жеткендиктен улам А.Ким гезитти соттун чечимин аткарып, “Рубикон” фирмасы, имараты жана басмаканасы менен бирге А.Рябушкинге өз каалоосу менен өткөрүп берген.

Жогоруда айткандай, А.Рябушкин соттук чечимди аткаруу максатында акционерлердин макулдуктары менен Э.Мамбеталиевге кассадан 1 миллион сомду төлөттүрүп берет. Бирок, А.Кимдин шыкагы менен айрым акционерлер ал жөнүндө билбей тургандыктары жөнүндө көрсөтмө беришкенден кийин А.Рябушкин кармалып, А.Ким Басма үйүн толугу менен тартып алганга аракет кылууда. Акча А.Рябушкиндин жеке кызыкчылыгына жумшалган эмес, соттук чечимди аткаруу үчүн төлөнгөн, ал эми калганы акционерлердин арасындагы ички маселе, аны чечүү деле жөнөкөй, төлөнгөн акчаларды тийиштүү адамдардан регрессивдик түрдө өндүрүп, кассага кириштөө аркылуу эле ишти жаап койсо болмок. Ал жерде бир тыйын да мамлекеттик каражат жок, төлөй тургандар аталган басма үйүндө иштешет. Бирок, аны ырбатканга укук коргоо органдарынын айрым жетекчилеринин тымызындан кийлигишип, акционерлерди да бири-бирине шыкактап, А.Кимди колдоп жатышкандыгынан улам маселеге чекит коюлбай жатат. Айрым акционерлерге сырттан басым болуп да жатканын байкоого болот. Андай басымды кылып жаткандар кимдер? Бийликтегилерден, укук коргоо органдарын жетектегендерден болушу толук ыктымал. Алардын көздөгөндөрү эмне? Жаңжалдан пайдаланып акча жасагылары келип жатышабы?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: