Menu

Тажик салыкчылары мессенжер аркылуу чалуунун тарифин көтөрүүнү талап кылышууда

Бөлүшүү:

Тажикстан салык комитети мобилдик байланыш операторлорунан мессенжер аркылуу чалуунун тарифин көтөрүүнү талап кылды.

Эгер мобилдик байланыш операторлору 17-январга чейин тиешелүү чечим кабыл албаса, Салык комитети, Каржы министрлиги жана Байланыш кызматы бааны өз алдынча аныктап, аны бекитүү үчүн өкмөткө жөнөтүшөрүн эскертишти.

Тажикстанда чет өлкөдөгү абонентке мессенжер аркылуу чалуу жөнөкөй телефондук байланышууга караганда 8 эсе арзан турат. Ошол себептен мессенжерлерге болгон суроо-талап жогору.

Өкмөттүк комиссия мессенжер аркылуу сүйлөшүүнүн 1 мегабайтын 65 дирамга ($0.07) көтөрүүнү сунуштоодо. Азыркы баа – 15 дирам.

Буга чейин Тажикстандын Салык комитети президент Эмомали Рахмонго кат жөнөтүп, мессенжерлерге жана NGN түйүндөрүнө тыюу салуу максатка ылайык экенин билдирген. Катта эл аралык сүйлөшүүлөрдүн негизги бөлүгү NGN жана Viber, IMO, Skype интернет-мессенжерлери аркылуу жүргүзүлөрү айтылаган. Салыкчылардын маалыматына караганда, бул факт салык төлөмдөрүнүн кыскарышына жана бюджеттин киришесинин төмөндөшүнө алып келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: