Menu

Дача-СУдагы кандуу жүккө байланыштуу чындык эмнеге ачыкталбайт?

Бөлүшүү:

2017-жылдын 16-январы кандуу күн катары жүрөгүбүздө калды. Дача-СУ айылында түрк компаниясына таандык «Воеing 747» учагы кулаган. Кесепетинен 39 киши каза таап, 15 адам жабыркады. Жүк ээси али табылбады. Бул кандуу күндү Жогорку Кеңештин депутаттары түштөн кийин эстеди.

Бул күнү жыйын эртең мененки саат 9:30да башталган. Түшкү тыныгууга чейин жети суроону талкуулап, түштөнүүгө тарап кетишкен. Андан кийин жыйында мыйзам долбоору каралып жаткан учурда спикер Дастан Жумабеков күтүлбөгөн жерден отурумду бузуп, Дача-СУ учак кырсыгын эске салды. Андан кийин эл өкүлдөрү кырсыктан каза болгондорго бир мүнөтгук эскерүү кылышты.

Көңүлгө алчу жагдай, Дача-СУда кырсык болгондо өкмөттүк комиссияны Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген, демек, бул адам маалыматтын баарын билет. А эмне үчүн азыр чындык чыкпай, кандуу жүк кимге тиешелүү экени такталбай атат? Балким, чындыкты жашырган Абылгазиев болгону үчүн жүктүн ээси ачыкталбай аткан жокпу? Бул суроолорго эртеби-кечпи суракта жооп берип калбайбы?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: