Menu

Мугалимдер 8-апрелге чейин үй шартында иштөөгө коё берилди

Бөлүшүү:

Кыргызстандагы жалпы билим берүү уюмдарында эмгектенген кызматкерлер үчүнчү чейректи жыйынтыктап, тиешелүү болгон отчеттук иштерин аяктап, жетекчилер мектеп имараттарында санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө аймагында коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу максатында жалпы билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдер үй шартында дистанттык түрдө окутууларын өткөрүү үчүн 8-апрелге каранинге жөнөтүлдү.

Кыргызстандагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын иши 8-апрелге чейин токтотулгандыгына байланыштуу бала бакчалардын тарбиячылары да аталган мөөнөткө чейин үйлөрүнө жөнөтүлдү.

Билим берүү мекемелеринде ЖРТга каттоодон өткөрүү үчүн 11-класстардын класс жетекчилери нөөмөт түзүшөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: