Menu

ЖЭБ боюнча тергөө иши жана сот отурумдары кандай өңүттө жүрүүдө?

Бөлүшүү:

Кечээ ЖЭБ боюнча соттук териштирүү иши кайрадан жанданды. Чуулгандуу ЖЭБге катыштыгы барлар соттук отурум учурунда күбөлөрдүн сөздөрүн угуп көрүштү. Биз жогорудагы соболду кыргызга белгилүү адамдарга берип, жообун алдык.

Бейшенбек Абдыразаков, коомдук ишмер:

-Бир сөз менен айтканда, 111 млн. долларды кустуруп, мамлекеттик бюджетке түшүрүү кажет. Бул Кыргызстандын тарыхында сабак болуп, мындан кийин бийликтегилер коррупция кылгандан коркуп калыш керек. Мамлекетти талап-тоногон, казынага белчесинен кол салган нерсе кан буугандай токтоосу абзел. Албетте, сот иштеринин кандай жүрүп жатканы, ички иштери, аки-чүкүсүн билбейбиз, коомчулукка чыгып аткан маалымат боюнча баардык нерселерди эки-үч эсени биякка кой, жүз-эки жүз эсе кымбат баалап алышкан экен, ошондон эле айырмасы 111 млн. доллар болуп жатат. Ошону эле кустурса, «сот иштери адилеттүү болуптур» дегени турабыз.

Кармалгандардын арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, улуттук «Энергохолдинг» компаниясынйн мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловдор бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова болсо үй камагында экен. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелеринде айып коюлган. Эмнеси болсо да күтө туралы, кимдин канча «жегени», бул иште кимдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар, кимдики жок экени адилеттүү түрдө аныкталаар. Элдин үмүтү азырынча өчө элек.

Игорь Шестаков, саясат таануучу:

– Бийликтин азыр иштеп жаткан жана мурда иштеп кеткен жогорку даражалуу өкүлдөрүнө карата козголгон чуулгандуу кылмыш иштерин эсепке алганда, Бишкек ЖЭБин реконструкциялоого алынган кредитти иликтөөнү эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң резонанстуу иш катары атоого болот. Албетте, шектүү кредит жана кыштын кычыраган чилдесинде ЖЭБдеги авария үчүн бийликтин мурдагы өкүлдөрү жоопкер. Азыр коомчулук «ким чындап күнөөлүү, ким саясый куугунтукка кабылды?» деген маселени жандуу талкуулап жатат. Буга жоопту тергөө жана сот өкүмдөрү гана бере алат. Бирок, менин көз карашымда, 2013-жыл ТВЕА компаниясынан кредит алууда башкы ролду ойногон парламентарийлер, профилдик комитеттердин мүчөлөрү да жоопко тартылууга тийиш. Азырынча алар күбө катары гана суралып жатышат, бирок, мыйзам алдында башкалар менен бирдей эле жооп берүүлөрү керек.

Адил Турдукулов, «Сөз эркиндигин коргоо» комитетинин төрагасы:

– ЖЭБ боюнча соттолуп аткандардын үстүнөн тергөө иши жүрүүдө. Качан акырына чыгары азырынча белгисиз жана кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөлүү эмес экенин бир гана сот чечет. Ушу жагдайда менин оюмча, ал жакта отурган адамдардан тил кат алып, үй камагына эле чыгарып коюшса жакшы болмок. Анткени алар мамлекетибиздин олуттуу кызматтарында иштешкен. Качып кетпөө кепилдиги болсо жакшы болот эле. Учурда коррупция менен күрөш жалгыз ЖЭБ боюнча гана болуп атканы көрүнүп турат. Башка тармактар айтылбай келет. Ушундан улам, бул жерде кандайдыр бир саясый өңүттөгү иш болуп жатабы (?) деген күмөн ойлор бар.

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: