Бакыт Төрөбаевдин көлөкөсүндө жүрүп «көгөргөн» Мирлан Бакиров деген ЖКнын вице-спикери бар эмеспи. Канча жылдан бери депутат болсо да такшала электигин айгинеледи. Түркөйлүктүн да чеги болот да. Ойлонбой сүйлөгөнүнөн улам баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовду омуроолоп, акыл-чөйчөгүндөгү «көрөңгөсүн» көрсөттү. Жөнөкөй сый-урматты билбеген кысталак атасындай болгон адамды көйнөк кийбей келиптирсиң деген шылтоо менен ЖК жыйынынан кууп чыкты. Ал жалпыга тиешелүү мекеме, анын жеке үйү эмес. Анан да Тынысовдо көйнөгү болбогону менен жемпир менен костюму турат, жылаңач кирген жок. Манчыркагандын чеги болот да. Эскертүү берип койсо жарашат эле го. Албетте, коомчулуктун катуу сынынан кийин эсине келип, кечирим сурамыш этти. Эми деңгээлин көтөрүп, жок дегенде эки китеп окуп койсо ашыкча болбойт чыгаар.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ