Menu

Өмүрбек Текебаев “Ата Мекен” партиясынын лидери: “Президент Жээнбековдун астында коомчулук күткөн эки сыноо турат”

Бөлүшүү:

Жээнбековго биринчи тест

– Азыр коомчулукта «экс-президент Алмазбек Атамбаев кылмыш жообуна тартылабы же жокпу?» деген суроо кызып турат. Сиздин оюңуз кандай, ал кылмыш жообуна тартылабы? Эгер тартылса, Кылмыш кодексинин кайсы статьясы боюнча жооп берет?

– 2010-жылкы Конститудиянын 5-статьясынын 3-пунктуна «Узурпация – өзгөчө оор кылмыш» деген норма киргизилген. Бирок, тилекке каршы, ар кандай себептер менен бул норма мурунку Кылмыш кодексине да, жаңы Кылмыш кодексине да кирбей калган. Бул абдан өкүнүчтүү. Атамбаевдин жоруктары узурпацияга дал келет. Бир, же бир топ адам бийликти мыйзамсыз өзүнө ыйгарып алуу, мыйзамда көргөзүлбөгөн ыйгарым укуктарды өзүнө оодарып алуу – бул узурпация деп аталат. Атамбаев Конституцияда көргөзүлбөгөн реалдуу бийликке ээ болуп, өкмөттү гана эмес, башкы прокуратураны, эсеп палатасын, сотторду жана башка мамлекеттик органдарды түздөн-түз көрсөтмө берип, түздөн-түз же-тектеп алды. Өзү эле эмес, жансакчылары, шопурлары, жардамчылары да өкмөт мүчөлөрүнө, башка мамлекеттик орган жетекчилерине түздөн-түз көрсөтмө берип, жетектеп турушту. Буга далилдер жетишерлик. Бирок ошентсе да, тилекке каршы, Атамбаевди узурпацияда айыптап, жоопко тарта албайбыз. Анткени, мен жана айткандай, мурунку Кылмыш кодексинде дагы, бүгүнкү Кылмыш кодексинде дагы бул норма көргөзүлгөн эмес.

– Ал Атамбаевди кылмыш жообунан куткарыш үчүн атайылап жасалган эмеспи?

– Тилекке каршы, мыйзамдар-ды жаңы Конституцияга туура келтирип жатканда ушул жагы көз жаздымда калган экен. Конституцияда көргөзүлгөндөн кийин бул сөзсүз түрдө жаңы Кылмыш кодексине киргизилиш керек. Мен «Азия Ньюс» гезити аркылуу «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарына кайрылат элем. Кылмыш кодексине «узурпация» деген жаңы статья киргизип, аны өзгөчө оор кылмыш катары сыпаттасаңар. Бул – Конституциянын талабы. Мен ойлойм, бул мыйзамдын кабыл алыныш-алынбашы учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков үчүн да сыноо, өзүнчө тест болуп калат. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришип жатып, Конституцияны кармап, «мен Конституцияны сактайм, сыйлайм, коргойм, аткарам» деп ант берген. Ошондуктан, Конституцияда көргөзүлгөн «узурпация» деген кылмышты жаңы Кылмыш кодексине киргизүү демилгесин президент да, анын парламенттеги башка тарапкерлери да колдоп берет деп ишенем. Эгер алар колдобой турган болсо, алардын эл алдында берген убадасы, анты көз боёмочулук болуп чыгат.

– Атамбаевди анда «коррупция» статьясы менен жоопко тартса болобу?

– «Коррупция» статьясы менен жоопко тартса болот. Бул статьяда «бир, же бир нече кызмат адамдары мамлекеттин кызыкчылыгынын эсебинен башка тараптын пайдасына аракет кылышса, же аракет кылбай коюшса – бул кылмыш» деп айтылган. Атамбаев жана анын айланасындагы адамдар узурпация жолу менен өкмөткө, өкмөттүн алдындагы структураларга таасир этип, аларды мамлекеттин, коомдун кызыкчылыгына каршы, Кытай компаниясынын жана башка жеке компаниялардын кызыкчылыгында аракет кылганга, ал эми кээ бирлерин, тескерисинче, аракет кылбай койгонго мажбурлашкан. Мына, Бишкек ТЭЦин модернизациялоону алалы. Жакында тергөө органдары мамлекетке келген зыян 111 млн. доллар деп табышты. Атамбаев ыйгарым укуктары боюнча ТЭЦти реконструкция кылганга тиешеси жок. Бирок, ал жакка өкмөттүн кээ бир мүчөлөрүнүн, мамлекетгик ишканалардын жетекчилеринин түздөн-түз тиешеси бар. Аларга «коррупция» статьясы менен иш козголсо, Атамбаев ошол топтун катышуучусу, демилгечиси жана жетекчиси катары бул статья менен жоопко тартылат. Мен бул жерден УКМКнын мурунку жетекчиси АбДил Сегизбаевдин да өзгөчө ролун баса белгилегим келет. Мен жана айткандай, аракет кылганы үчүн гана эмес, аракет кылбай койгону үчүн да мамлекгтик кызмат адамдары жоопко тартылат. ТЭЦти модернизациялоодо ушунчалык мыйзам бузуулар болуп, Кыргызстандын кызыкчылыгына кыянаттык менен зыян келтирилип жатса, ошону көрүп-билип туруп унчукпай койгон Сегизбаев өз милдетин аткарбагандыгы үчүн, аракет кылбай койгондугу үчүн «коррупция» статьясы боюнча башкалар менен кошо жоопко тартылышы зарыл. Мен азыркы башкы прокуратурага, тергөө органдарына түшүнбөй жатам. Коррупция болуп жатканын билип туруп, аны токтотуу милдети болуп туруп, Сегизбаев чара көрбөгөндүгү үчүн жооп бербейт. Бул туура эмес.

– «ТЭЦти реконструкциялоо боюнча айыпталып жаткан кызмат адамдары Кытай тараптан акча алганы далилденген жок» деп айтып жатышат. Мындай шартта кантип жоопко тартат?

– Бул жерде эң негизги нерсе, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына келтирилген зыян. Бул зыян минимум 111 млн. доллар болду. Экинчиси, Кытай компаниясынын кызыкчылыгында иш болду. Үчүнчүсү, бул иштерди мамлекеттик бийлик укуктары бар бир нече адамдар жасашты. Статьяда «материалдык же материалдык эмес кызыкчылык үчүн жасаса…» деген жери бар. Пара алганы – бул материалдык кызыкчылык. Пара алганы далилденбесе дагы, Атамбаев жана башка адамдар саясый кызыкчылыктарын канааттандырышты. Алар өздөрүнүн саясый рейтингин, авторитетин көтөрүш үчүн кызыл ленталарды кесишип, «биз Кыргызстан үчүн ат көтөргүс кызмат кылып жатабыз, Кыргызстандын энергетикалык көз каранды эместигин сактап жатабыз» деп саясый дивидендди алышты. Бул сөзсүз түрдө «кылган аракетинин үзүрүн көрдү» дегенге жатат. Мен ушул жерден мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына келтирилген зыянды баса белгилегим келет. Мына, мени менен Дүйшөн Чотоновду  Атамбаевдин кысымы менен соттор, тергөө органдары «коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч келтирди» деп 8 жылга кесишти. Тергөө өзүнүн айыптоо корутундусунда, сот өзүнүн өкүмүндө «Текебаев да, Чотонов да мамлекетке, же башка бир адамга, ошонун ичинде Маевскийге бир тыйын зыян келтирген жок» деп табылды. Биз эч кимге бир тыйын зыян келтирген эмеспиз. Эми ТЭЦке келе турган болсок, Кыргыз мамлекетине 111 млн. доллардан ашык зьюн келбедиби? Мамлекет – бул эл. Алар элге, ар бир жаранга зыян келтиришти.

Жээнбековго экинчи тест

– Карыз демекчи, Кыргызстандын тышкы карызы болуп көрбөгөндөй өстү, 4,5 млрд. доллар. Жалпы карыздын жарымына жакыны Кытай Эл Республикасына экен. Бир мамлекеттен мынчалык көп суммадагы карыз, көз каранды болуш өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына коркунуч келтирбейби?

– Кытай – биздин коңшубуз. Анын дүйнөдөгү экономикалык, саясый, аскер таасири күндөн-күнгө өсүп отурат. Кытай дүйнөнүн биринчи экономикасы болоруна аз эле калды. Биз Кытай менен коңшу болгонубузду өз пайдабызга, өз кызыкчылыгыбызга колдонушубуз керек. Кытайдан алган карыздан кутулуш үчүн Кудай берген табигий ресурстарыбызды эл үчүн иштетишибиз керек. Мисалы: 2017-жылы Сапар Исаковдун өкмөтү «Суу кодексине» өзгөртүү сунушун Жогорку Кеңешке алып кирди. Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш колдоп берип, ошол кездеги президент Атамбаев кол коюп, бул мыйзам долбоорун өткөрдү. Ошонун негизинде «Центерра» мөңгүлөрдү бекер талкалоо жолу менен алтын өндүрсө боло берет» деген мыйзам иштей баштады. Бул экоцид, геноцидге тете кылмыш. Кыргызстандын кызыкчылыгына түздөн-түз каршы келет. Окурманга түшүнүктүү болсун үчүн жөнөкөйлөтөйүн. 2009-жылкы Бакиевдин келишими боюнча «Центерра» мөңгүлөргө залака келтирбей, алтынды жер алдынан казып алышы керек» деп белгиленген. Бирок, 2011-жылдан баштап «жер алдынан казсак, жылына 300 миллиондой доллар ашыкча чыгым болот экен, жер алдына кирбей эле мөңгүнү чапчып, үстүнөн казып эле алтын таба берели» деп өкмөткө кайрылып, өкмөт 2011-жылдан баштап 2017-жылга чейин 100 миллиондой куб/метр мөңгүнү талкалаганга уруксат берди. Атамбаев кетеринде аларга «мындан кийин уруксат сурабай эле аягына чейин каза бергиле» деп мыйзамдаштырып берип, өзү басып кетти. Ушул мыйзам менен өкмөт, парламент, президент «Центеррага» жылына 100 миллиондогон чыгымын азайтып, пайдасын көбөйтүп берди. Макул, биз «өзүбүздүн үлүшүбүздү көбөйт» деп талап кыла албайт экенбиз. Ал келишимде 2009-жылы кабыл алынып калган экен. Бирок, жаңы кырдаалда «мөңгүнү бекер талкалай бер» деп уруксат берип жатканда «бул биздин байлыгыбыз, силер талкалаганы жатасыңар, жылына 200-300 млн. доллар үнөмдөп жатасыңар, жок дегенде ошонун жарымын бизге берип тургула» десе, 100-150 млн. доллар пайда алганга толук укугубуз бар эле го? Бул жаңы келишим менен бекитилсе болот эле да.  Эгер «Кумтөр» дагы 10 жыл иштей турган болсо, 1,5 млрд. доллар Кыргызстанга түшө турган акча эле да. «Кытайдын карызынан кантип кутулабыз?» деп башыбыз маң болуп жатат, ушул акчаны карызды төлөгөнгө жумшасак болот эле го?

Эми эмне кылыш керек? Мен Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттарына сунуш катары кайрылам. Урматтуу «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары! Сиздер «Суу кодексине», Атамбаевдин өзгөртүүлөрүнө каршы добуш бергенсиздер. Ошол позицияны карманууну мындан ары улантып, ошол мыйзамды жокко чыгаруу боюнча жаңы мыйзам киргизгиле. Ал мыйзамдын долбоорун бүт кыргыз эли, депутаттар, президент Жээнбеков да колдоп берет деп ишенем. Анткени, президенттик кызматка киришип жатып Жээнбеков «Кыргызстандын Конституциясын гана эмес, анын кызыкчылыгын да колдойм» деп ант берген. Бул мыйзам долбоору Жээнбековду сынаган экинчи тест болуп калат.

Атамбаев жана анын командасы «Кумтөр» маселеси боюнча Кыргызстанды 100 миллиондогон доллар зыянга кириптер кылды. Атамбаев жана анын командасы бул кылмыштары үчүн да жооп бериши керек. «Кумтөрдү» Кыр-гызстандын кызыкчылыгында колдонуу боюнча да президент, өкмөт принципиалдуу, ачык, так позицияга ээ болуш керек. Биз көрмөксөн болуп отурганда Кыргызтандын жаратылышына, табиятына, казынасынада жылына 100 миллиондогон доллар орду толгус жоготуу болуп жатат.

Динар Турдугулова

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: