Menu

Суусунун кандырып, Суусамырды бойлогон Кожоке

Бөлүшүү:

Туура кыласыз Кожоке, депутат болуп иштеш оңойбу? Бир эмес эки чакырышта удаасы менен «күжүрмөндүк» менен эмгектенип келесиз, жөн эле депутат болбой жаныңызды кыйнап комитетти да тескеп атасыз. Кошумча баш оору кылып. Анан эс алыш керек да. Сиздей «элитный» кишилердин эс алуусу да «элитный» болуш керек эмеспи. Жайлоодон түшкөндө жай олтуруп бир маектешүүгө чейин сак саламат туруңуз Жайчыбекович! Жогорку Кеңеш эс алууга чыкканы саясат кадимкидей басаңдай түшөт. Айрыкча Кожобек Рыспаев деген «элитный» депутатыбызды кадимкидей сагындык, эй! Жөнөкөй депутаттардан дагы «элитный» кишиге болгон сагыныч жанды кыйнап ийет экен. Жолугуп бир маектешсекпи дедик эле, телефону өчүк. Суусамырда суусун кандырып, «күндүзү кымыз, түнү кыз, күрүлдөгөн эр кыргыз» дегендей эс алууну катуу өткөрүп жаткан өңдүү.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: