Menu

Картаюунун алгачкы белгилерин байкай алсаңыз алдын алууга болот

Бөлүшүү:

Британдык окумуштуулар, организмдин картаюусунун алгачкы белгилерин даамдын өзгөрүшүнөн байкоого боло тургандыгын аныкташкан. Белгилүү болгондой, картаюунун алгачкы учурунда акылдуу организмибиз белги бере баштайт. Демек, бул белгилерди өз убагында байкап калсаңыз, анда, картаюунун алдын алууга болот. Маселен, туура тамактануу, спорт менен алектенүү, сапаттуу косметика жана дагы башка жашартуучу каражаттарды колдоно аласыз.

Организмдин картайып баштагандагы алгачкы белгиери:

Алгач, кыскача суроолорго жооп бериңиз. Анткени, беттеги картаюунун белгиси дайыма эле жаш куракка байланыштуу боло бербейт.

• Тез эле чарчап-чаалыгып каласыз. Уйкусурап жүрөсүз…

• Омуртка, муун жана тизеңиз ооруйт

• Түнү ойгонуп, бир нече жолу дааратканага барасыз

• Сезимталдуулук артат

• Уйкусуздукка кабыласыз

• Үшүкчөөл болуп, чыйрыга бересиз

• Көздүн көрүүсү начарлап, көзүңүз бат чарчайт, баш оору пайда болот

• Чач көп түшө баштайт, агарат, кургайт

• Кан басым көтөрүлөт

• Унутчаак болуп бара жатасыз

• Салмагыңыз өзгөрүп турат

Демек, сиздин организм өзүн картайыңкы сезип жаткандагы белгилер дал ушундай болот.

Теринин картаюусундагы белгилер:

Тери дагы биз үчүн өтө маанилүү. Айрыкча бет терибизде бырыштар пайда болсо бушайман болобуз.

• Чарчаңкы бет – эртең менен жакшынакай көрүнгөн бет териси, кечинде чарчаңкы тартып, бырыштар байкалат.

• Бет терисинин ашкере кургактыгы, маңдайга түшкөн бырыш, көздүн айланасына түшкөн бырыш

• Экинчи ээктин пайда болушу

Эгерде жогорудагы белгилер байкалса, анда, дароо косметолог адисине барып кеп-кеңеш алыңыз. Териңиздеги көйгөйлөр кандай себептердин негизинде пайда болгондугун аныктап, туура кам көрүү ыкмаларын жасоого көрсөтмө берет.

Мындан сырткары, күнүмдүк колдонгон тамак- ашыңызга да чебердеп мамиле жасап, пайдалуу азыктарды гана кабыл алууну унутпаңыз. Ошондой эле спорттун кайсы бир түрү менен алектенүүнү баштаңыз.

Албетте, картаюуну толугу менен токтотуп коюуга болбойт. Бирок, мөөнөтүн бир аз кечеңдетүүгө толук мүмкүнчүлүгүңүз бар. Андыктан, аракет гана жасаңыз!

20-30 жаш аралыгында  денеде кандай өзгөрүүлөр болот?

Психолог адистеринин айтымда-ында, айымдар үчүн бул курак эң жакшы жана эң жагымсыз убак болуп эсептелинет. Анткени көпчүлүк айымдар дал ушул курак аралыгында баралына келип, сулуулугу артып, артынан эле алгачкы бырыштар түшүп, чач агарып жагымсыз абал жаралат. Демек, денебиз бир нече өзгөрүүлөргө дуушар болот. Бирок, мунун кайсынысы жаш куракка байланыштуу, ал эми кайсынысына башка нерсе себеп болоорун билип алыңыз.

1. Сөөктөрүңүз дагы деле бекемделе берет
Андыктан күнүмдүк колдонгон тамак-ашыңызга кальций жана Д витаминин кошушуңуз талап кылынат. Булар салмагыңызга келген күчтү калыпка салып турууга жардам берет. Сөөк торчолорунун өсүүсүнө түрткү берет.

2. Салмагыңыз жашыңызга байланыштуу кошулат

Мындай көрүнүш дагы жаш куракка байланыштуу болот. Бирок, ашыкча салмактуулукка жана семирип кетүүгө жол бербеңиз.

3. Териңизге кандай мамиле жасасаңыз, ал баарын “эстеп” калат

Жыйырма жаштан кийин келбетиңизге кандай кам көрсөңүз, кийинчерээк териңиз ал маалыматтарды толугу менен эстеп калат жана ошого жараша өзүнүн абалын көрсөтөт. Маселен, күнгө туура эмес күйүп же, талаптагыдай коргонбой жүргөн болсоңуз, анда териге бат бырыш түшөт.

4. Айыз цикли

Отуз жашта репродуктивдүү мүмкүнчүлүктүн деңгээли эң жогорку ченде болот. Бойго бат бүтүп, балалуу болууга жакшы шарт түзүлөт. Айыз цикпи азырынча калыптагыдай болот. Бирок, абдан оорутуп, жагымсыз абал жаратат.

5. Безетки да чыгышы мүмкүн

Ооба, өспүрүм курактагыдай бетиңизге безетки да чыгышы толук мүмкүн. Анын натыйжасында бетке сепкил түшө баштайт.

6. Эмчектин үрптөрү өзгөрөт

Чоңоюп же кичирейип, ошондой эле күрөң тартып калат. Бул талапка ылайык көрүнүш болуп эсептелет.

7. Дене-мүчөңүз тоголок формасына келе баштайт

Мындай көрүнүш гормоналдык өзгөрүүгө байланыштуу болот. Андыктан, кармаган диеталар жардам бербей калат. Айрыкча курсак жана белде май топтоло баштайт. Бул учурда күч жумшоочу спорттун түрү менен машыгуу сунушталат.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: