Menu

Жаңы кодекстерде каталар жана түшүнбөстүктөр көп болгондугуна депутаттар күнөөлүү

Бөлүшүү:

Жаңы кодекстерде чыгып жаткан каталар жана туура эместиктер үчүн парламенттин депутаттары күнөөлүү. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда өткөн Жогорку Кеңештин  конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент, ошондой эле  мыйзамдуулук жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттеринин отурумунда эл өкүлдөрү билдирди.

Депутат Бакирдин Субанбеков кодекстерди талкулоо учурунда жоопторду жана тастыктоолорду алуу үчүн  министрликтердин жана мекемелердин жетекчилери чакырылбагандыгын эске салды.

“Биз бүтүндөй өлкөгө уят болдук. Өз учурунда баардык жаңы кодекстерди карап, каталарды оңдошубуз керек эле,” – деди ал.

“Парламент шалышыш кабыл алды, ал эми өкмөт каталарды түздөй алган жок. Биз кабыл алдык, демек өзүбүз оңдошубуз керек,”-деп билдирди Мыктыбек Абдылдаев.

Алмамбет Шыкмаматов менен Айнуру Алтыбаева күнөлүүлөрдү эмес, чечимди издөөнү сунуштады.

“Буга биз дагы жооптуубуз, келгиле эми, бири-бирибизди айыптай бербей, чечимди издейли,” – деди Алмамбет Шыкмаматов.

2019-жылдан тарта Кыргызстанда  мыйзам бузуулар тууралуу кодестин жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин жаңы редакциясы күчүнө кирди. Жаңылануулар эл арасында катуу сынга алынган, анткени аларда түшүнбөстүктөр абдан көп чыккан. Аткаминерлер кемчиликтер бар экенин моюндап аларды оңдош керек экендигин билдиришкен.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: