Menu

Текебаев жатак абакка 2020-жылы которулат

Бөлүшүү:

«Ата Мекен» партиясынын камактагы лидери Өмүрбек Текебаев жатак абакка 2020-жылдын 10-февралында которулат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.

«Бизде камакта отургандардын мөөнөтүн эсептеген атайын бөлүм бар. Алар камактагылардын күнүнөн, саатынан бери санашат. Эгер мөөнөтүнөн ашык отуруп калса, адамды мыйзамсыз камакта кармоо болуп эсептелет. Ошондуктан кылдаттык менен эсептелет. Мага кат жүзүндө да, оозеки да айтып көп адам кайрылат. “Отурган мөөнөтүбүздү карап бергиле. Туура эмес болуп жатат. Же жатак абакка которуп койгула” дешет. Ошолордун ичинде Текебаевдики да бар. Алардын мөөнөтүн санай турган адистер бизде гана бар. Жазаны аткарып жаткандыктан биздин эсебибиз туура болот. Эгер туура эмес болсо адистер мыйзамдын астында жооп берет», – деди Жапаров.

Былтыр 22-декабрда ооруканада жаткан Өмүрбек Текебаев менен жолугушуу үчүн бир катар саясатчылар барган. Анда Текебаев жатак абагына эки айдан кийин которула турганын айткан. 9-январда дарылануусу аяктагандан кийин ал Улуттук кардиология борборунан абакка которулган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, парламенттин мурдагы төрагасы жана депутаты Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы, мурдагы ӨКМ башчысы Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы орусиялык жаран Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга кесилген.

10-январда президенттин алдындагы атайын комиссия Өмүрбек Текебаевди абактан бошотуу жөнүндөгү экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: