Menu

Марлен Маматалиев , “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: “Бизде айдоочулук укуктарды чыгарууда коррупция бар”

Бөлүшүү:

– Марлен мырза, азыр жаңы айдоочулук күбөлүк киргизебиз деп жаңы үлгүнү даярдап жатышыптыр. Буга кандай зарылчылык туулду?

– Бул реформа эмес. Элге жеңилдетилген бир шарт түзүлүп жатат деп да айта албайбыз. Азыр айдоочулук укук боюнча кандай маселе бар? айдоочулук укугуң жок айдасаң 5500 сом, а эгер күбөлүгүңдү үйдө унутуп калсаң 1000 сом айып пул төлөйсүң. Эми жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери айдоочулук күбөлүгүн үйүндө унутуп калдыбы, же дегеле автомектепте окуган эмеспи – муну кантип аныктайт? Себеби, аларда маалымат базасы жок. Европада, атүгүл мурдагы эле союздук республика болгон Грузияда рулга отурганда сөзсүз эле айдоочулук күбөлүк же техпаспорт алгандын зарылчылыгы жок. Маалымат базасын ачса эле баардык маалымат сүрөтү менен чыгып калат. Айдоочулук укугу барбы, буга чейин жол эрежесин бузганбы, айып пулдарын төлөгөнбү, бүт баары чыгат. Албетте, буга акча керек деп айтуулары мүмкүн. Бизде бармак издерин ала турган аппараттар бар. Болгону ага программалык камсыздоо жасаш керек. Ал миң эле доллар турат. Ошондо жаңы айдоочулук күбөлүктөрдү чыгаргандан көрө, чындап реформа болот эле. «Жаңы күбөлүктөрүчыгаруунун эң негизги максаты – бул жасалма күбөлүктөрдөн качуу» дешет. Бирок, жанагы мен айткан системаны түзүп койсо, ансыз деле программа менен билип коюшмак. Мына ушул жасалма күбөлүкгөргө каршы чыныгы кадам, реформа болмок.

– Бизде эч кандай зарылчылыгы болбосо деле айдоочулук укуктарды мезгил-мезгили менен алмаштырып калмай өнөкөт бар. Буга кимдер кызыкдар?

– Чынын эле айтып коёюн, бизде айдоочулук укуктарды чыгарууда коррупция бар. Тендер аркылуу, же келишим менен бир компанияга берип коёт. Ал компания киреше табат дагы, анын бир бөлүгүн биздин айрым кишилерге берип турат. Бул бар нерсе. Канча жолу текшерилип, аныкталган.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: