— Татыктуу саясатчылар кыргызда көп, утуру өкмөт алмаша бербей азыркы өкмөт башчы деле иштей берсе болмок. Тилеке каршы бул өкмөт жыйынтык көрсөтө албай жатат. Ал эми кандай саясатчы өкмөткө келиш керек деп атпайсызбы, эгерде бул өкмөт отставкага кетип, жаңы өкмөт башчы шайлана турган болсо, ал адам жок дегенде үч сапатка ээ болушу керек. Биринчиден, парламенттик башкарууну жакшы түшүнгөн, экинчиден, сөзсүз түрдө саясий эрки болушу керек. Саясий эрки жок болсо өкмөт
башчылыкка барыштын кереги жок. Барса деле ар кимдин оозун карап, маселе чечүүгө жарабай, убакытты өткөрөт. Үчүнчүдөн жаңы заманбап технологияларды түшүнгөн, жаңыча ой жүгүртүүсү абзел. Кыргызстанда премьер-министр үчүн бүгүнкү күндө
баардык шарттар түзүлгөн. Иштейм деген адам иштин майын чыгарса болот.
Булак: «Жаңы Ордо»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ