“Кайсы бир кызматка баруу үчүн, элге, адилеттүүлүккө кызмат кылуу максатың жетишсиз болуп калды, андан сырткары эң башкы критерий-кошоматчы болуу жана айткан сөздөн чыкпаган жоош-момундук сапат. Бүгүнкүдөй тандоону көргөн жаш муун, эркин ойлонсоң, туура сүйлөсөң, акыйкат сөз айтсаң-ишиң жүрбөйт экен, эч бир кызматка жолошуң кыйын экен деген тыянак чыгарды да! Кулчулук мүнөздүн баа-баркы өсүп, туура сөздү айткандар коомдон бөлүнүп, жек көрүндү болуп калаары трагедия эмей эмине. Чынара Капарова туура айтып жатат деп туруп, кайра тааныбаган белгисиз бир талапкерди шайлап коюшса, коомчулук тургай, ошол жердин ичинде жүргөн биз деле нес болдук…” – деп Instagram баракчасына бөлүштү депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ