Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков Райымбек Матраимовдун буга чейинки ишин жогору баалап, ал соттон утуп келсе кызматына кайра коюларын айтып, коомчулуктун келмесин оозунан түшүрдү. Эске сала кетсек, “Райым миллион” каймана аты бар Матраимов өзүн иштен алган өкмөттү эки инстанцияда жеңип алган. Жеңиш эмне менен бааланганы баарыбызга түшүнүктүү деңизчи. Буга чейин Оңолбековдун Райым Матраимовдун шакирти экени айтылган. Анан маалымат жыйынында шакирти, устатын өкүртө мактады. Бирок анын убагында болгон миллиондук уруулукту айтканга жарабады. Кантип жарайт? Кыскасы, Бажы кызматынын башына ким келсе да, “Райым миллиондун” камчысын чапкан, мамлекет кызыкчылыгын биринчи эмес, онунчу орунга койгондор келип жатканы ачыктан-ачык байкалып турат. Деги эле, Жээнбеков “Райым миллиондун” ишин тыкыр иликтетип, камакка алмайынча, бийликке болгон нааразычылыктар эч качан токгобойт.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ