Menu

УКМК: Эл аралык террористтик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 19-октябрда КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жашыруун структураларын жана аларды каржылоо каналдарын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш чараларынын жүрүшүндө КР ИИМ менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан КР жарандары «Б.О.» жана «Э.К.» кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда КР УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, кармалган адамдар 19-октябрь күнү эртең менен ишкерге кол салып 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен.

Аларды кармаган учурда уурдалган акча каражаттар, жасалма чет элдик валюталар, ток менен уруучу аппарат жана бычак менен сайылуучу нерселер далил зат катары табылып алынды.

Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террористик уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен ЭТУ мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү үчүн тоноолорду уюштуруу максатында КР аймагына келишкен.

Сотко чейинки өнүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалган адамдар Жалал-Абад шаардык ШИББ тергөө камак жайына киргизилди.

Тергөө жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: