Кечээ, 4-февралда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору жактырылган.
Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Курманкул Зулушев.
Т.Зулпукаровдун түшүндүрмөсүнө караганда, бул мыйзам долбоорунун эң негизги максаты Судьяларды тандоо кеңешине материалдык колдоо көрсөтүү. Ошондуктан, кенештин мамлекеттик кызматта иштебеген мүчөлөрүнө ай сайын акы төлөө нормасы каралган. Ошого жараша Судьяларды тандоо кеңешинин курамы кыскарат, ага мурда 24 адам мүчө болсо, эми алардын саны 9 адамдан турушу керек.
“Мыйзамга өзгөртүү киргизбей туруп, Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнө акы төлөө мүмкүн эмес болчу. Кеңеш мүчөлөрү материалдык камсыздоодон куржалак калган. Мыйзамды өзгөртүү менен, аларга ай сайын 25 миң сом акы төлөө тартибин киргизип жатабыз” деди К.Зулушов.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ