Menu

Калыбек Эльтуйбасов-Саляновду АКШдан экстрадициялоо боюнча ИИМ жалган маалымат тараттыбы?

Бөлүшүү:

Бүгүн 5-февралда өткөн маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов жарыя кылган, Кыргызстандын башкы прокуратурасы Калыбек Эльтуйбасовду (Саляновду) экстрадациялоо боюнча АКШнын тиешелүү органдарына өтүнүч кат жөнөттү деген маалымат калп болуп чыкты.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Алардын маалыматына караганда, далил материалдарды атайылап жок кылуу боюнча шектелген К.Эльтуйбасовду экстрадациялоого байланыштуу Башкы прокуратурага эч кандай материал барган эмес. Анан калса, АКШ менен КР ортосунда жарандарды экстрадациялоо боюнча келишим да жок.

“АКШ менен Кыргызстандын ортосунда экстрадация тууралуу келишимдин жоктугунан улам да АКШнын компетенттүу органдарына жогоруда аты аталган жаранды экстрадациялоо боюнча өтүнүч жөнөтүүгө болбойт.  ИИМ тарабынан К.Эльтуйбасовду экстрадициялоого тийиштүү материалдар Башкы прокуратуранын дарегине келген эмес,” – деген маалымат берди башкы көзөмөл органы.

Эске салсак, мурдагы башкы прокурор, ЖК депутаты Аида Салянованын агасы К.Эльтуйбасов 19 жаштагы Камила Дуйшебаеванын 2014-жылдын март айындагы табышмактуу өлүмүнө байланыштуу, далил материалдарын атайылап жок кылган деп айыпталган. Ошодон кийин ал чет өлкөгө качып кеткен.

Булак: Kyrgyz Today

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: