Menu

Камила Дуйшебаеванын өлүмүнө байланыштуу илинчек табылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 5-февралда болгон ИИМдин маалымат жыйынында Камила Дуйшебаеванын 5 жылдан бери сыры ачылбаган табышмактуу өлүмүнө байланыштуу олуттуу илинчек ачыкка чыкты.

Маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов К.Дуйшебаеванын өлүмү боюнча кылмыш иликтөө тууралуу маалымат берип, иликтөө, тергөөгө тоскоолдук жараткандыгы үчүн шектелип, издөөгө алынган Калыбек Эльтуйбасовдун АКШдан жакын арада алып келине тургандыгын айтты. Ошол учурда журналисттерден: “ Камила Дуйшебаеванын өлүмүнөн эки жыл мурда аны кайсыдыр эки милиционер зордуктап, анан ошол кылмыш боюнча камалып кетишкен экен. Анан дал ошол өлүм катталган учурда алар камактан чыгып, эркиндикте жүрүшүптүр. Эгер ушул маалымат анык болсо, өч алуу максатында кызды ошолор өлтүрүшү деле ыктымал да. Ушул версия боюнча иликтөө жүргүздүңүздөрбү?” – деген суроо берилди. М.Каниметов ал суроого: “Мен бул маалыматты тактап, кийинчерээк жооп берейин” деп жооп кайтарды.

Ал эми министр Кашкар Жунушалиев: “Бул маалымат милицияга өтө керек, алар муну сөзсүз текшеришет” деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, К.Дуйшебаева 2014-жылдын 10-мартында  өлтүрүлгөн. Өз шарфы менен муунтуп өлтүрүлгөн анын денеси Аламүдүн районунун Байтик айылындагы мүрзөдөн табылган. Ушуга чейин экс-генпрокурор Аида Сальянованын агасы К.Эльтубасов ал иш боюнча далил материалдарын атайылап жоготуп, кылмыш ишин иликтөөгө тоскоодук кылган деп шектелгенин эске албаганда, кыздын өлүмү боюнча алигече олуттуу илинчек жок болчу. Кылмыш ишинин сыры 5 жылдан бери  ачылбай турат.

Айтмакчы, ички иштер министринин орун басары М.Каниметовдун К.Эльтуйбасовду АКШдан экстрадациялоо тууралуу берген маалыматын Башкы прокуратура жокко чыгарды.

Булак: Kyrgyz Today

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: