– Иса Шейшенкулович, учурда сизди коомчулук КСДПнын лидери экс-президент Алмазбек Атамбаевди сатып кетти, “саткын” деп сындагандар арбын. “Саткын” деген сөздү укканда кандай сезимге чулганасыз? Куйкаңыз куруша түшөбү же бетиңиз чымырап да койбойбу? Негизи Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалап турганыңызда “жер сатууга” байланыштуу козголгон кылмыш ишинен Атамбаевдин коргоосу менен сүттөн таза болуп, суудан кургак чыгып кеткениңизди моюнга аласызбы? Ошондой эле уулуңуз 3 адамдын өмүрүн кыйган жол кырсыгына жоопкер катары соттолбой калышынын сыры эмнеде экенин айтып койбойсузбу? Айткандай “Атамбаевсиз КСДП” деген ураандын артында сиздин кулагыңыз чыгып турганы чынбы? Кезинде Атамбаевдин жакшылыгын көп көрүп, эми мансап үчүн “тузуна сийген” жоругуңузду кандай сыпаттайсыз?.. Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова вице-спикерликтен кетип жатканда сизди “Алсыз эркек аялды атаандаш көрөт, байке дегенге татыксыз” – деп катуу сынга алды. Образдуу айтканда, эркек эмес эле катын экенсиз дегенди кыйытты да ыраспы? Бул сөздү укканда “өлбөгөн төрт шыйрагыңыз” эле калдыбы?
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ