Menu

Чырдан улам бөтөлкөлөшүн бычактап салган Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын УККБнын ыкчам кызматкерлери саламаттыкка оор залал  келтирүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жакында, Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүкчөсүнө аймактык ооруканалардын  бирине 1985-жылы туулган жаран бычактан жаракат алып түштү деген  маалымат келген. Аталган факты ошол эле күнү 4-февралда кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин (Саламаттыкка оор залал келтирүү) негизинде сотко чейинки иликтөө башталган. Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө жогорудагы кылмыш ишине шектүү аныкталган.

Ал эми кийинки иликтөөлөргө Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери дагы киришкен.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) ыкчам кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен бирдикте  жүргүзүшкөн ыкчам-тергөө иш-чараларын жүрүшүндө  шектүү катары Аламүдүн районундагы айылдардын биринин жашоочусу 1972-жылы туулган К.Э. аттуу жаран кармалган.

Болжолдуу маалымат боюнча  кылмыш жасалаар түнү шектүүнүн үйүндө спирт ичимдигин ичишип, ортодо түшүнбөстүктөр пайда болуп, чырлашып кеткендиктен үйдүн ээси шериктешинин саламаттыгына оор залал келтирген. КМКнын УКББнын маалыматы боюнча К.Э. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин атайын каттоосунда турат. Жакында Аламүдүн райондук соту тарабынан шектүүгө карата тергөө абагына камоо боюнча чечими чыккан.

Азыркы учурда кармалган жарандын башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы иликтенип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: