Бүгүн, 6-февралдын биринчи жарымында КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы жалпы билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышып, № 98-кесиптик лицейге, № 69 жана № 12-мектептерге барган учурда кар жаап турган. Кол чатыр көтөргөн Президент аны тосуп чыккан КР элге билим берүү министри Гүлмира Кудайбергенованы, кийин мектептердин директорлорун да өзүнүн кол чатыры менен кардан тосуп, катарлаш басканын сүрөтчүлөр тартып алышып, социалдык тармактарга жайылтышты. Белгилей кетчү дагы бир жагдай – Президент Жээнбековду, экс-президент Атамбаевчесинен жайнаган жан сакчылар курчабай, бирин-серин гана кайтаруучулар жүрдү. Кол чатырын кол алдындагы кызматкерлер көтөрбөй өзү көтөрүп, жөнөкөйлүктү көрсөттү. Социалдык тармактардын колдонуучулары мунун баарын кызуу талкууга алып, Президент Жээнбековду алкаган “чыныгы джентльмен”, “накта эркек” деген сөздөр көп айтылды. Мисалы, оңунан келгенде бийликти чымчылай коюп жүргөн журналист Канышай Мамыркулова Facebook социалдык тармагындагы баракчасына кол чатыр көтөргөн президенттин сүрөтүн коюп “Мына… Нагыз эркек” деп баа берди.
Бир кезде:
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ