Menu

Искендер Гаипкулов, «Ата Мекен» фракциясынан ЖК депутаты: “Атамбаев тараптан Мырзакматовго көп сунуштар болгон…”

Бөлүшүү:

– Искендер мырза, мурдагы президент Атамбаев сиздин кан кудаңыз Мелис Мырзакматов менен жолугушкандыгы тууралуу маалымат тарды. Маалыматыңыз барбы, алар кайда, эмне максатта жолугушту?

– Мындай маалыматтарды жүзүн ачпаган «фейк» адамдар таратып жатышат. Атамбаев кетип, Жээнбеков бийликке келгенден бери мамлекеттеги саясатчыларды эки фронтко бөлгөн оюн жүрүп жатат. Мелис Жоошбаевич тууралуу ачык эле айтам, ал эч качан Атамбаевдин идеологиясын колдоп, аны менен биригип кетпейт. Себеби, Мырзакматовдун өзүнүн саясый көз карашы бар. Ал да бир чоң саясый партиянын жетекчиси. Эгерде ал «Атамбаевге кошулуп, анын саясатын колдойм» десе, Атамбаев президент болуп турган убакта эле анын шансы бар болчу. Мырзакматовго убагында Атамбаев тараптан көп сунуштар болгон. «Министр кылам» деген. Бирок, ал мэр болуп, кызматта турганына карабай, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына ачыктан-ачык сын айтып турган. Билесиңер, ошондон улам ал саясый куугунтукка алынып, иш козголгон. Ага эле эмес, анын кол алдында иштеген кыйла жетекчилерге, Ош шаарындагы бир топ адамдарга кылмыш иштерин козгоп, алардын үстүнөн иш жүргүзүшкөн. Буга чейин алардын баары сот аркылуу акталып, мамлекетке бир тыйын зыян алып келишпегендиктери аныкталган. Азыр кызматтарында иштеп жатышат.

– «Мырзакматов менен Атамбаев биригет экен» деген сөздөр чыгып жатат…

– Атамбаев «биригели» деп сунуш берсе эле Мырзакматов өзүнүн кызыкчылыгы үчүн, максаттарын ишке ашырыш үчүн биригип кете берет деп ойлойсуңарбы? Мен аны жакшы билем, ал андай ишке барбайт. Мени «кудасы болгон үчүн ушундай деп жатат» десеңер, мен эле эмес, анын партиялаштары да ал кишини ушундай мүнөздөшөт. Баары Мырзакматовдун кара жандын кызыкчылыгын көздөбөй турганын жакшы билишет. Азыр ал сыртта, өз бизнесин жасап, иштеп жүрөт. Көзү жок адамга карата кандай гана кара пиарлар жабылууда..

– Акыркы учурларда соцтармактарда ал кишинин сүрөттөрү жайнап чыга баштады. Көрүшүп, жолугушуп келгендер да анын арыктай түшкөнүн жазышууда. Тууганы катары жолугушуп турсаңыздар керек. Эмне тууралуу сүйлөшөсүздөр, Кыргызстанга качан келет?

– Биздин жолугушуу парз. Экөөбүз миң жылдык кудаларданбыз. Алдыбызда балдарыбыз, неберелерибиз чоңоюп жатышат. Биз ал киши экөөбүз биринчиден, үй-бүлөлүк, туугандык темаларда көбүрөөк сүйлөшөбүз. Андан тышкары, партиялаш катары партиянын алдындагы иш-пландар, саясатта жүргөн кишилер катары, албетте, өлкөнүн келечеги, окуялар тууралуу да баарлашабыз. Өзү сыртта жүрүп, саясатка аралашпаса дагы, Кыргызстанда эмне болуп жатканынан толук кабардар. Анализдеп, талдап жүрөт. Ал эми качан келерин убакыт көргөзөт. Адвокаттары иштеп жатышат. «Ак ийилет, бирок сынбайт». Бир күнү толук акталып, элине, жерине, саясатка кайтып келет. Мырзакматов кыргыз эли үчүн кызмат кыла турган жигит. Жакшы пландары, максаттары да бар. Күндөр келет, баарын ишке ашырарына ишенем.

– 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышам дейби?

– Аны азырынча айта албайм. Ал киши менен да бул тууралуу сүйлөшө элекпиз. Ага чейин убакыт бар. Баары эле «шайлоого тигил, бул даярданып баштады» деп жатышат. Биринчиден, азыр парламенттик шайлоого камынуудан мурда, шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси алдыда турат. Жыл жаңыргандан баштап, президент тезирээк шайлоо кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү парламентке сунуштады. Азыр 2-3 вариант парламентке түштү. Шайлоо кодекси кандай болуп өзгөрөт, ар бир партия өз программаларын ошого карап багыттап, анан шайлоого камынат, шайлоо ошого жараша өтөт. Ошондуктан, «Ким катышат, ким катышпайт» деген маселе коюу азырынча эртелик кылат.

– Жаз алды менен саясатта көп нерсе өзгөрчүдөй болуп турат. Мурдагы президент Атамбаев тегерегине таасирдүү саясатчыларды топтоп, ошол эле Мырзакматовду, Бабановду кошуп, чоң күч болуу, бийликке, саясый кырдаалга таасир этүү пландары бар экендиги айтылууда. Кайсы күчтөр биригип кетиши мүмкүн?

– Мен дагы айтам, Мырзакматов иштеп жүргөндө да, иштебей жүргөндө да негизги максаты – элге керектүү иш кылуу. Мен бөркүмдөй ишенем, ал элди ойлогон саясатчылардан. Элди ойлогону үчүн ушундай жолду тандап алды.

– «Сыртта бизнес кылып жүрөт» дейсиз, эмне бизнес кылат? 

– Ал биздин үй-бүлөлүк сыр, айта албайм.

Динар Турдугулова
Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 72 = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: