Menu

Депутат Камчыбек Жолдошбаев: «Рустамов карышкырларды вертолеттон атууга каршы экен. Ой, карышкырды вертолет эмес, танктан деле атсаӊ болот да»

Бөлүшүү:

Мен өткөндө карышкырларды атуу маселесин көтөргөн элем, ага Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов жооп жазыптыр, окусаӊ тим эле мышык ыйлачудай. Кыскасын айтканда, ал карышкырларды вертолеттон атууга каршы экен. Ой, карышкырды вертолет эмес, танктан деле атсаӊ болот да, ушуну түшүнбөйбү. Бул тууралуу депутат Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Рустамов тоодогу кийиктердин баарын эбак эле жеп койгон, ошондон улам карышкырлар түзгө түшүп, малга кол салууда. Агенттик кийик атканы үчүн аӊчылардан миллиондогон акча алат, ал каражат кайда жумшалып жатат? Ал эми аӊчыларга бир карышкыр атканы үчүн 6 миӊ сом бөлүнсө, колуна 4800 сом алат экен. Элет тургундары кайрылып жатат, атуу акысын жок дегенде 2 миӊ сомго көтөрүп берсе, карышкырларды өзүбүз эле атат элек дешет», – деди ал.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: