Menu

Алмазбек Атамбаев, экс-президент: “Райым Матраимов тоону томкоргон жигит. Мен буга чейин аны сындап, согуп келдим эле, эми баарын токтоттум…»”

Бөлүшүү:

Асланбек Сартбаев,  “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору:

-Өткөн айда Алмазбек Шаршеновичтин кабыл алуусунда болуп, эки сааттан ашык баарлаштык эле. Көп сөздөр болгон: алдыдагы саясый кырдаал, мамлекеттин келечеги, КСДПнын парламенттик шайлоого даярдыгы, анан айтылбай турган да курч-ой пикирлер орун алган. Ошол маектешүүнүн аралыгында үч-төрт ирет Райым Матраимов боюнча да кеп болгонун ыңгайы келип турганда ортого салайын. Атамбаев «Райым тоону томкоргон жигит. Мен буга чейин аны сындап, согуп келдим эле, эми баарын токтоттум…» дегени эмнени билдирет? Албетте, бүркүт алыстан бүркүттү тааныган сыңары, саясатта, элдин көзүндө келишпестик болсо да, тар чөйрөдө өткөн күндөргө камчы салбай, кайсы бир деңгээлде баалоо, душман болушса да татыктуу түрдөгү тизгин тартышуу катары сыпаттагам. Бирок, «Апрель» телеканалы болбой эле «шыбап» атканы – алардын чыгармачылык эркиндиги го?.. Жашоо али алдыда, Райым мырза келечекте дагы далай тоолорду томкорот…

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер:

– Коомдо жаңы өзгөрүү болуп жатканда, авторитардык коомдон демократиялык коомго өтүү кезеңинде адамдар тууралуу ар кандай ойлор айтылат. Жаман дагы, жакшы дагы пикирлерди угабыз. Эгерде мындай байкасаңар, саясатчылар болобу, төбөсү көрүнгөн адамдар болобу, баардыгы жөнүндө тегиз «жакшы» деп айтпайт. Тегиз «жаман» деп да айтпайт. Бирок, жалпысынан адамга баа бере турган нерсе бул – убакыт. Кимдин ким экенин убакыт гана ордуна коёт. Же конкреттүү Райым Матраимов тууралуу айта турган болсок, анын жакшы иши болсо да, жаман иши болсо да, баардыгын убакыт жана мамлекет ордуна коёт. Баарын мамлекет гана иликтей алат. Тааныш эмес адамга мындай гана баа берүүгө болот. Эгерде кылмыш иши козголсо, мамлекет ал адамды кандайдыр бир иштерге күнөөлөбөсө, биз ал адамды «жаман» деп айтканыбыз туура эмес болуп калат.  Мыйзам боюнча адамдын күнөөсүн сот далилдейт, мамлекет далилдейт. Эгерде мамлекет ал нерселерди жасабай турган болсо, ал адам таза жана ак (!) деп эсептелет. Эгерде Райым Матраимов сот менен утуп, сот чечим чыгара турган болсо, анда бул мыйзамдуу нерсе. Анын кызматка келүүгө толук укугу бар. Ар бир адамды Кыргызстанда сотко берүүгө, сот аркылуу утуп кызматка келүүгө укугу мыйзамда каралган .

Мелис Тургунбаев, мурунку ички иштер министри:

– Мен Райым Матраимовду жакшы билем. Адамгерчилиги жагынан абдан мыкты жигит. Кыргызстандын түштүк аймагында иштеп жүргөн кезде бул жигит жөнүндө айылдаш бир да адамдын оозунан эч бир жаман сөз уккан жокмун. Мени билесиз, бирөөнүн артынан жүйөөсүз болбогон жаман кеп айтпайм. Өз көзүм менен көрүп-билгендеримди гана ачык-айкын акты «ак», караны «кара» деп эле бетине «балп» эттирем. Ошол эле учурда мактоого татырлык иш кылып жүргөн адамды да эч апыртмасы жок эле болгонун болгондой баалагандарданмын. Элине жасаган жумуштарын өз көзүм менен көргөм, азыр да көрүп жүрөм. Матраимовдор спорт зал куруп берип, спорт командаларды курап, аны баардык жагынан колдоого алып, демөөрчүлүк кылганын ким эле билбейт? Элибизде «мындай экен, тигиндей экен, антиптир» деген жөн эле куру бекер жамандоо, келеке сөздөрдүн бирисине да ишенбейм. Чындыкка жараша фактылары болсо, ачыкка чыгарып айтып беришсе, бөлөк сөз. Андайды көрбөй жүрөбүз. Түз сүйлөгөн, адамгерчиликтүү, улууну урматтап, кичүүнү ызааттаган жагы менен өзгөчөлөнүп турат. Бизде кандай, обычно кыйын, чыгаан жигиттин артынан ар кандай ушак-айың сөздөрдү айта башташат. Жолугуп, маңдай-тескей сүйлөшө келгенде баардыгы башкача экенин түшүнүшөт.

Алымжан Козубаев, милициянын запастагы полковниги:

– Райымды таанып-билгендердин баары анын эң ириде адамгерчилигин жогору баалашат. Сылык-сыпаа мүнөзүнө жакшы сыпаттама берип келишет. Ошону менен катар ишинде мыкты жетекчи экенин билебиз. Бажы кызматында чоң көрсөткүчтөргө жетишип, мамлекет үчүн жан үрөгөн кесипкөй адис катары баардык жерде бааланган. Иштеген жамаатында кадыр-барктуу, сыйлуу адамдардын бири. Өзүнүн профилиндеги күчтүү кадр. Аны ашыкча айтуунун кажети жок деп ойлойм. «Саясат менен сен алектенбесең, анда саясат сени менен алектенет» деген кепке кабылып атат. Каңдайдыр бир ыплас күчтөрдүн куугунтугуна кабылып атканы айдан ачык көрүнүп турат. Муну бажы жетекчиси бир нече жолу белгилеп айткан жери бар. Жеке өзүм жакындан таанышмын. Мыкты жигит. Коомдук башталыштагы иштерден чет эмес. Алсак, «Бажы» волейбол, «ЕКЕМ» мини-футбол командаларын курап, аларды баардык жагынан колдоп, көтөрмөлөп келет.

Марлен Маматалиев, “Республика – Ата-Журт” фракциясынан ЖК депутаты: 

– Райым Матраимов боюнча көп сөздөр айтылып жатат, жадагалса экс-президент да, азыркы президент да четте кальппкан жок. Сөз болуп отуруп, уламышка да айланып кетги. Чын-чынына келгенде, анын карьералык өсүшү экс-президенттин убагында болгону баарыбызга малым. Бирок, ал киши өзү көтөрмөлөп өстүрүп, кайра жамандаганы карапайым эл үчүн таң калычтуу… Мен Райым Матраимовду жеке тааныбайм. Эми ал соттон утуп, кайра кызматына келсе келип, өзүнүн мыйзамсыз жумуштан алынганын элге тастыктап, бирок жигитчилик кылып, бир күн бажыда отуруп, эртеси арыз жазып кетсе кандай болот? Муну менен туура эмес иштен айдалганын тастыктап бермек. Жыйынтыгында, азыркы президентке да, өзү үчүн да туура кадам жасалмак…

Жылдыз Жолдошева, коомдук ишмер:

– Райым Матраимов жөнүндө түрдүү сөздөр айтылып атат, коомчулукта да, соцтармактарда да. Катуу талкуу жүрүп жатканы байкалат. Райым Матраимов бажы кызматында иштеп аткан кезде мамлекеттик казынага орчундуу каражат түшүрүп атканы боюнча статистикалык маалымат таркаган. Бул – өз жумушун мыкты билет (!) дегенди билдирип турат эмеспи. Бюджетти көбөйтүү, ага ат көтөргүс салым кошуу оңойго турбасын баарыбыз билебиз. Мамлекеттин казынасына киреше эки эле булактан: салык жана бажы кызматтарынан кирет, болду. Ошон үчүн бул жагынан калыстык үчүн Матраимовду баса белгилегим келет. Ал эми аны азыр текшерип атат, «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаландыбы же пайдаланган жокпу?» деп. Албетте, аны тиешелүү органдар текшерип, чекит коюп, ал маалымат кайрадан элге жетиши керек.

Гулжан Шерипбаева, «Назар ньюс»  сайтынын ээси:

– Кыргыздар бар болсо көралбайыз, жок болсо бералбайбыз да, ушунубуз бир аз жакпайт. Кызыгы, Раим Матраимов Кыргызстанда чоң кызматтарда отуруп, мамлекеттик мекеменин бирөөсүн жетектебесе дагы коомчулукта суу кечпеген ушак-айыңга аралаштырып ийишкени жеке мени таңкалтырып келет. Алтургай аттуу-баштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да көп жолу оозунан түшүрбөй келди. Мага Райым мырзанын сабырдуулук мүнөзү жагат. Коомчулукта, соцтармактарда бул жигитти кандай талкууга алып, жакындан билгендер анын жигитчилик сапатын баса көрсөтүп атса, көралбагандар шоона эшпеген калптарды кабелтең айтып, өзгөчө «фейктер» болбогон «жугунду» сөздөрдү жазышканын токтотпой койду. «Басмайылдын өткөнүн ээси билбей ат билет, эр жигиттин эмгегин өзү билбей жат билет» деп коюшат. Райым Матраимовдун элге кылган жакшылыгын санап отуруунун кажети жок. Болгону биз элге жакшылык кылган адамды качан баалап, баркына жеткенди үйрөнсөк деп айткым келет. Кудай ар кимдин бешенесине ар кандай ырыскы берет, ага көз артып кереги жок. Кут кылсын! Ырыскысы өзүнө буюрсун.

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: