Menu

Видео – Ташкентте жаш селки кызганычтан улам сүйлөшүп жүргөн жигитин бычактап өлтүргөн

Бөлүшүү:

Ташкентте жаш селки Дилфуза Жалилова 3 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигити Фуркат Рамазановду кызганычтан улам бычактап өлтүргөн. Бул тууралу “Өзбекстан 24” телеканалы милиция менен бирдикте даярдаган видеорепортажын жарыялады.

Фуркат Рамазанов менен Дилфуза Жалилова бири-бирин жактырып, сүйлөшүп жүрүшкөн жана үйлөнүүнү чечишкен. Бирок ага Фиркаттын апасы: “Дилфуза менин уулумун теңи эмес” деп каршы чыгып жүргөн. Мунун айынан Фиркат менен Дилфуза көп жолу уруша да кетишчү.

Ал арада Дилфуза Фуркатты сынап көрмөккө курдашы Мадинаны көндүрөт.  Мадина Фиркатты “сүйөм-күйөм” деп кат жазып, “Телеграммдын” мессенджери аркылуу өзүнүн интимдүү сүрөттөрүн жөнөтүп, жыныстык катнашка чакырат.

Муну билген Дилфуза Фуркатка жолукканда чыр салып, анын мойнуна бычак урат. Фуркат жан таслим болгондон кийин кылмышты жашырыш үчүн өзүнүн ичине да бычак салат. Бирок доктурлар Дилфузаны дарылап, өмүрүн сактап калышат.

Тергөө учурунда Дилфуза “Фуркат өзүнө-өзү бычак урду” деп жалган көрсөтмө берип, күнөөсүн мойнуна албай, танат. Ал эми прокуратура тергөөчүлөрү буга ишенбей, кылмышты иликтеп, Фуркат Дилфузанын колунан өлгөнүн далилдешет. Сот Дилфуза Жалилованы 10 жылга кесип жиберди.

Кыргызчалаган Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: