Menu

Фото – УКМК: КР мамлекеттик чек арасын жасалма виза менен кесип өтүүгө аракеттенген эки Нигериялык кармалды

Бөлүшүү:

6-февралда Кыргыз Республикасынын УКМК Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте «Манас-аэропорт» Контролдук текшерүү пунктунан эл аралык авиа каттамынан, КР жасалма электрондук визасын колдонуп, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган Нигериянын жарандары 1979-ж.т. Икене Анайо, жана 1997-ж.т. Карим Ахмед Оламилекан кармашкан. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасы (ТМКБС) боюнча текшерген учурда, аталган адамдардын Кыргыз Республикасынын электрондук визасы жараксыз экендиги аныкталды. Иликтөө иштеринин жыйынтыгында алар мамлекеттен келген жагына кайтарылды.

Азыркы учурда тышкы мигранттарды каттонун бирдиктүү системасынын (ТМКБС) 2-этабын ишке киргизүү пландаштырылып жатат. Бул система тышкы миграцияны натыйжалуу көзөмөлдөөгө, министрликтер
жана мекемелерге өлкөдөгү миграциялык кырдаалды анализ кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 41

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: