Menu

Тажик ТИМи: өлкөгө террордук топтор тарабынан эч кандай коркунуч жок

Бөлүшүү:

Тажик-ооган чек арасындагы абал бийликтин көзөмөлүндө жана учурда террордук топтор тарабынан эч кандай коркунуч жок. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин 12-февралда Душанбеде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Ал өлкөнүн Чек ара кызматынын акыркы билдирүүсүнө таянуу менен тажик-ооган чек арасындагы абал тынч экенин айтып, өлкөнүн түштүк чек араларына «ИМ» жана «Талибан» согушкерлеринин топтолуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

«Биз коопсуздук маселелеринде Ооганстандын бийлиги менен тыгыз кызматташып жатабыз. Эки өлкөнүн чек арасында абал тынч жана туруктуу. Ооганстандын түндүгүндө ондогон террордук топтор бар, бирок биздин чек ара ишенимдүү корголууда», – деди Сирожиддин Мухриддин.

Мурдараак Орусиянын айрым жогорку кызматтагы аткаминерлери Жакынкы Чыгыштан барган террорчулар Ооганстанга топтолуп, Тажикстандын түштүк аймактарына коркунуч жаратып жатканын билдиришкен. Ал тургай Орусия ИИМ башчысынын орун басарларынын бири «Ислам мамлекети» террордук тобунун согушкерлери жапырт түрдө белгисиз тик учактар менен Пакистандан Тажикстанга алынып келинип жатканын айткан. Бирок көп өтпөй бул маалымат орус бийлиги тарабынан четке кагылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 42 = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: