13-15-февралда Япониянын Макухари Мессе көргөзмөлөр комплексинде (Тиба шаары), тамак-аш азыктарынын эӊ ири көргөзмөсү «Food Table in Japan» өтүп жатат. Иш-чарага Кыргыз Республикасынан «Нектар», «Нарын Уюк», «Aman Green Food», «Мол Түшүм» компаниялары катышып, уникалдуу бал азыктарын тартуу кылууда. Бул компаниялардын Японияга келүүсү, Япониянын Россия жана жаӊы эгемендүү мамлекеттер менен соода жүргүзүү боюнча ассоциациясынын (РОТОБО) чакыруусу жана колдоосу менен уюштурулду. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги, Кыргызстан менен бизнес жүргүзүүгө кызыкдар болгон 50дөн ашуун компаниялардын жана уюмдардын өкүлдөрүн көргөзмөгө чакыруу иштерин уюштуруп, 2019-жылдын 14-февралында кыргыз компанияларынын стэндине учурап кайтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ