Menu

Жетекчилик кызматка келдиңизби? Анда бул кемчиликтерди кетирип албаңыз

Бөлүшүү:

Кыялыңыз орундалып, эмгегиңиз бааланып же жөн эле ийгилик сиз тарапка жылмайып, иштеген жериңизден жетекчилик кызматка отурдуңуз. Куттуктайбыз! Мындан ары сизди өтө жоопкерчиликтүү милдет күтүп турат. Андыктан кээ бир байкалбаган кемчиликтерди кетирип албаңыз. Себеби, эң негизгиси кол алдыңызда иштеген кызматкерлер менен тил табышып иштеп кетүү маанилүү эмеспи?! Кээ бир жаш жетекчилер өздөрү байкабай классикалык катачылыктарды кетирип алышат. Маселен, ишканадагы кайсы бир бөлүмдү реформалоодо, киреше табуу үчүн болгон аракетте же кызматкерлердин жеткишкендиктери үчүн сыйлык берүү багытында. Андыктан эң маанилүү 11 катачылыкты кетирбегенге аракет жасаңыз.

1.Аралыкты сактоону кармай албаган катачылык

Биринчиден, карьералык өсүүгө жетишкендигиңизге манчырканып, кесиптештериңизге болгон сезимдердин реалдуулугун жоготуп албаңыз. Бул кокусунан пайда болгон жана бир “жылт” этип кайра бат эле өчкөн “жылдыз” оорусу. Мындай “ооруну” бардык эле адамдар түшүнүү менен кабыл ала беришпейт. Экинчиден кадыр- баркыңызды тез жоготуп алуу коркунучу турат. Кызматкерлерге жүктөлгөн кээ бир милдеттерди “Мейли, кийин шашпай аткара бересиң”-деп, жакшы көрүнүүнүн аракетин жасай берсеңиз, же бардык эле кемчиликтерге көз жума берсеңиз, анда, ортоңуздардагы аралык сакталбай кадыр-баркыңыз төмөндөп кетет. Андыктан, аралыкты сактай билиңиз. Бардык аракеттерди эрежеге ылайык, тартиптин негизинде жүгүзүңүз. “Кызмат-кызматтагыдай ал эми достук-достуктагыдай” болгону дурус.

2.Кол алдыңызда иштеген кызматкерлерге көңүл кош мамиле жасоо

Кол алдыңызда иштеген ар бир кызматкер көңүл бурууга, мактоого, камкордукка жана көзөмөлгө муктаж. Укуктуулук менен жоопкерчиликти түшүндүрө билүү, эсептешүү, сыйлык берүү, эмгектерин баалай билүү эми сиздин моюнуңузга жүктөлгөн маселелердин бири. Демек, аны туура аткара билиңиз. Ал үчүн бир нече сырларды үйрөнүп алыңыз:

– Кызматкерлер үчүн аткарган иштерине туура келбеген жеңилдиктерди жана катаалдыктарды жаратуучу эрежелерди койбоңуз

– Кызматкерлериңиз менен сүйлөшүүдө иш тууралуу расмий жана жумуштан кийин достук мамиледе кезектешип мамиле түзүп, сүйлөшө билиңиз

– Кызматкерлерге эч качан ишканага байланыштуу маселелер тууралуу даттанбаңыз, өзүңүз чече билиңиз

– Кызматкерлердин көтөргөн демилгесин, эмгекчилдиктерин, жаңы идеяларын колдоп, мактаңыз

-Аткарган ишине көңүл кош караган кызматкер менен дароо ачык-айкын сүйлөшүп алыңыз, эгер конфликт жаралса, качып кетпей, дароо өз жеринде туура чечим кабыл алуу менен токтото билүүнү үйрөнүңүз

– Кызматкерлериңиз көтөргөн кээ бир демилгелер “күлкүлүү”, же реалдуулукка жакын болбосо жөн гана кийинкиге жылдыра туралы деп айтыңыз. Сындап же келеке кылбаңыз.

– Кызматкерлер менен эки багыттуу иштеңиз. Тапшырма бердиңизби, сөзсүз текшериңиз. Баа бере билиңиз. Жигердүүлүккө түрткү бериңиз.

– Эгерде сиздин үстүңүздөн да карай турган жогорку жетекчи болсо, ага улам эле кызматкерлериңизге даттанып “ушактай” бербеңиз

– Эсиңизде болсун, карьералык жактан өсүүнү бир эле сиз эмес, бардыгы каалашат, андыктан эч кимге бут тоспоңуз. Тескерисинче, колуңуздан келсе жакшы кадрларды даярдай жүрүңүз.

3. Сынды кабыл ала албайсыз

Жетекчи болсоңуз эле сизди эч ким сындабаш керек деген ойдо болсоңуз, анда жаңылышасыз. Сын-пикир бардык жерде жана бардык адамдарга айтыла берет.

Эң эле жөнөкөйү, өзүңүз аткара албаган нерселерди кызматкерлерден талап кылбаңыз. Ал эми талап кылуу үчүн өзүңүз үлгү болуңуз. Маселен, жумушка кечикпей келиңиз. Өз убагында кетиңиз. Түшкү тамакка тиешелүү убакыттан кечикпеңиз. Андыктан, сын айтса эле “сынып” калбай, сынды көтөрө билиңиз, талдай билиңиз. Балким, дал ошол сын менен сиз бир кемчилигиңизди жоюшуңуз толук ыктымал.

4. Бардык нерсени баарыңардан жакшы билем деп,- жаңыласыз

Идеалдуу адам жок жана беш кол тең эмес. Андыктан улам эле бардыгынын пикирин жерге таштап, мен бардыгыңардан жакшы билем деп, курулай эле төш кага бербеңиз.

5. Бүгүнкү жасай турган ишиңизди эртеңкиге калтырбаңыз

Чечимдерди кабыл алууда сергек акыл-эс менен иш алып барыңыз. Чечилбей турган маселе жок. Кээ бир маселелерди кароодо бирдиктүү чечимге келе албай баш катырып отура бербеңиз, же улам эле эртеңки күнгө жылдырбаңыз. Эртеңки күндүн да өзүнө тиешелүү көйгөйлөрү бар. Демек, сиздин көйгөйлөр жана баш оруларыңыз дагы көбөйөт. Андыктан бардык нерсени өз убагында жасоого көнүңүз.

6. Бир эле учурда дароо баарын жасагыңыз келет

“Шашкан шайтандын иши”- деп коёт эмеспи. Андыктан бир эле учурда бардык нерсени дароо жасап бүтүрүүгө ашыкпаңыз. Шашып жатып, катачылык кетирип алышыңыз толук мүмкүн. Андыктан, жасай турган ишиңизди экиге бөлүп алыңыз. Маселен, маанилүүсү жана күтүүгө мүмкүн болгон маселелер. Алгач, маанилүүсүн бүтүрүп, жеңилдеп алыңыз да, андан кийин калганы менен алектениңиз.

7. Кандай жол менен болбосун кызматкерлерди кармап калуу

Кызматкерлер мурунку жетекчиден сизге “мурас” катары калды. Бирок, аны сактап калууга сизге эч ким жоопкерчилик жүктөбөйт. Демек, эгер кайсы бир кызматкерлер алсыз кадр экенине көзүңүз жетсе, же жоопкерчиликсиз болсо, анда чочулабай эле алмаштыра бериңиз. Бирок, жетекчи болуп келээриңиз менен эле эмес, бир аз убакыт өткөн соң. Себеби, кимдин, кандай иштеп жаткандыгына байкоо салыңыз. Бардык нерсе адилеттүү болушу шарт.

8. Кызматкерлерге тиешелүү иш тапшыра албаганда

Сиз жаңы жетекчи болуп келгенден кийин ишканада көп нерсени өзгөрттүңүз дейли. Анын натыйжасындй кээ бир кызматкерлер нааразы болуп чыгышы ыктымал. Маселен, мен мурда бул ишти жасачу эмесмин, же, мен аткара турган ишти башкага жүктөп койдуңуз деген пикир келишпестиктер. Андыктан ар бирине тиешелүү талапка ылайык, өз милдеттерине кирген иштерди жүктөңүз. Чар-жайыт болгон иштин жемиши болбойт.

9. Күнөөкөрлөрдү издей берүү

Канчалык аракет жасабаңыз, айткан ишиңиз ойдогудай орундалбаса, кызматкерлерди күнөөлөйсүз да, туурабы?! Балким, туура багыт берип, ишти алдыга жылдырууга жетекчи чабалдык кылып жаткан болуп жүрбөсүн?! Демек, күнөөлүүлөрдү башка жактан издей бербей, алгач, өзүңүзгө да байкоо салып көрүңүз.

10. Эмоцияңызды колго ала албайсыз

Кандай гана кырдаал болбосун, ар дайым тынчтыкты сактаңыз. Эмоцияңызга алдырып, буркан-шаркан түшүп, кээде орой, адепсиз сөз айтып алуудан абайлаңыз. Маселени жайбаракат отуруп, чечкенге үйрөнүңүз.

11. Өсүп-өнүгүүнү каалабагандык

Жетекчилик кызматка жеттим, эми мага башка нерсенин кереги жок-, деп курсак сыйпалап отуруп алсаңыз демек, сиз начар лидер жана жетекчисиз. Ар дайым өсүүнүн-өнүгүүнүн аракетинде болуу маанилүү. Бир жерде турбаңыз. Жашоодо кээ бир жагдайлар туруктуу эмес. Балким, эртең эле кайрадан катардагы жумушчу кызматына түшүп каласыз. Андыктан отура бербей аракет жасаңыз.

Гүлкаир Мамасалы кызы

Булак: «Жаңы Ордо»

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 − 38 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: