Menu

“Кыргыз темир жолу” ишканасын сатканга шашылбай, акционердик коомго айландыруу абзел

Бөлүшүү:

Соңку убакта “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы бара-бара сатылаары такталбаган күбүр-шыбыр кептер эл ичине желдей тарап кеткенинен улам биз бул маселеге кайрылып көрдүк. Анткени мамлекеттик кирешелүү ишкананы дароо эле “кызыл кулактык” кылып “пулдаганга” ашыкпай, башка варианттарын караштырып, эң дегенде мекемени акционердик коомго айландырып көрсө болот беле? Биз мындай маселелердин тегерегинде коомчулук көзүндөгү айрым аттуу-баштуу инсандарга салып, алардын жеке пикирлерин угуп көрүүгө кызыктык.

Алмаз Эргешов, Жогорку Кенештин депутаты: “100 пайыз жеке менчик кылганга аракеттер жасалбашы керек ”

—Бул маселенин артында кимдер турганын, азырынча бул ишкананы кандайча кылып акционердик коом кылып өзгөрткөн жатышат билбейм. Бул боюнча толук маалыматым жок. Мамлекеттин көзөмөлү менен пайдалуу кылып иштетсе болот да. Бирок 100 пайыз жеке менчик кылганга аракеттер жасалбашы керек. Акционердик коом болбосо өнүкпөй калат дегенге кошулбайм. Башка мамлекеттерде акционердик коом болбой эле өнүгүп жатышат. Бизде деле ошентип өнүктүрсө болот. Эгер “Кыргыз темир жолун” талапка ылайык чоң каражатка баалап, негизги акциясы мамлекеттин колунда болуп, эл күткөндөй чоң иштер жасалса мен түшүнөм. Бирок мамлекетке жакшы киреше алып келе турган мындай ишканалар мамлекеттики эле болуп калганы оң.

Сагынбек Абдрахманов, экс-губернатор: “Улуттук кызыкчылыктарыбыз башкы орунда турушу абзел”

– Менин эч кимге таңуулабаган жеке пикиримде, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын эч кандай сатып жибербестен, акционердик коом кылып иштетсе болот. Албетте, бул менин жеке оюм. Бүгүн мамлекет бул ишканага начар менеджер болуп калды. Муну жашырганда не? Андыктан ишкананы акционердик коомго айландырып иштетсе неге болбосун? Бирок бир шарт менен. Өкмөт ишкананы акционердик коомго айланткан күндө дагы мамлекеттик көзөмөлдөн чыгарбаш керек. Бул жерде биздин улуттук кызыкчылыктарыбыз башкы орунда турушу абзел. Ал эми акцияны “Кыргыз темир жолу” ишканасында иштегендерге берген күндө деле мекемеде жылыш болбойт. Ошондуктан аталган мекемени жакшы компанияларга берип, акционердик коом кылып иштетсе болот. Ошондо тармакта иштин жанданганы байкалмак. Мындай шартта Өкмөт көзөмөлдү колдон чыгарбаш керек.

Ишенбай Кадырбеков, экс-спикер: “Эл аралык тажрыйбаларды эске алуу керек”

– “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын албетте, акционердик коом кылса болот. Бирок бир шарт менен. Мындай мекемени акционердик коомго айлантканда көзөмөлдөөчү пакетти (контрольный пакет) мамлекет көзөмөлдөн чыгарбаш керек. Эртеңки күнү мекемени мамлекет өзү карап, тескеп туруш керек дегендей. Эгерде “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын акционердик коомго айландыруу керек болсо, анда маселени коңшу Россия, Казакстандын темир жол ишканалары менен сүйлөшүп, бул иштерди ошолор менен биргел икте алып барып, аларды акционер кылуу жагын сүйлөшсө иштин келечеги жакшы болмок. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын акционердик коомго айландырсак анда сөзсүз бул жааттагы эл аралык тажрыйбаларды эске алып, алардын жакшы жагын талдап туруп акционердик коомго айландырып алганга неге болбосун?

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу: “Акционердик коом кылганда тазалануу болуп, өнүгүүгө жол ачылат”

—Негизи бул маселе туура. Анткени биздин мамлекеттик чиновниктер дайым уурдашат экен да. Чиновниктердин бир гана максаты – бул тез аранын ичинде байып кетүү болуп калганын турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы. Министрлердин баары уурдашат. Керек болсо четинен кармап олтургузса болот. Ал эми кайсы бир кирешелүү ишкана – Акционердик коом болсо, акционерлер ал ишкананын акчасын эч кимге уурдатпай, катуу көзөмөлгө алышат экен. Бул жагын баарыбыз эле көрүп жүрбөйбүзбү. Бирок акционердик коом кылганда, ал ишкананын башкаруусуна мамлекет азыраак кийлигишиши керек.

Болбосо акционердик коом деп коюп, баягыдай эле терең кийлигишип башкара берүүнүн кереги жок. Жеке эле “Кыргыз темир жолун” эмес, ошого окшогон кирешелүү ишканалардын баарын эле акционердик коом кылып түзүп койсо жакшы эле болот. Мамлекет андан уттурбайт. Эмнеге дегенде, АО болгон ишканаларда коррупция азайып, тазаланып, мурункудай эмес, башкача иштеп башташат. Киреше да мурункудан өсөт. Инвестиция тартканга, өнүгүү стратегиясын өз алдынча ишке ашырууга жакшы шарт түзүлөт да. Бул практиканы биз өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында көрүп жатабыз. Себеби ал мамлекетте ишканалардын дээрлик бардыгы акционердик коом болуп түзүлүп, ийгиликтүү иш алып барып жатышат.

Кубанычбек Идинов, экс-депутат, экономика илимдеринин доктору: “Акционердик коом кылып, Өкмөт бул тармакты көзөмөлдөп турса”.

– Албетте, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишкана болгон соң аны толугу менен 100% сатып жибербестен акционердик коом кылып түзүп иштетүү учурдун эң туура маселелеринин бири. Мамлекеттик мекемени акционердик коом кылуудан эч чочулап деле кереги жок. Анткени ишкананы акционердик коом кылып, Өкмөт бул тармакты көзөмөлдөп турса деле болот. Таразалап караганда деле мындай иштин келечеги жаман болбойт. Убагында Балыкчыга чейин жеткен темир жолубузду Жумгалга чейин узартуу идеясын айтылуу Турдакун Усубалиевич көтөрүп чыгып демилгелеген. Эгерде азыр “Кыргыз темир жолун” акционердик коомго айлантып алсак, жогорудагыдай Жумгалга чейинки ички темир жолдорубуз учур талабына ылайык келген заманбап менеджер акционерлер тарабынан узартылып, тармактагы көйгөйлөр четинен толук кандуу чечиле баштамак. Биз тээ 1990-жылдардын башында мамлекеттик ишканаларды толугу менен жеке менчикке өткөрүп, сатып жиберип эмне таптык? Маселен, жеке өзүм “Кыргыз темир жол” ишканасын тобокелге барып сатып ийип алакан жайып отуруп калгандан көрө, акционердик коом кылып иштетүүнү ылайык көрөм. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасын ушундай кылып иштетсек келечеги да жакшы болмок. Алыс-жакынкы өлкөлөрдөн инвестиция тартылып, ишти колго алышкан акционерлер мекеменин ишин жандантышмак. Эски жабдуулар оңолмок. Ошондуктан мындай демилгени тиешелүү бийлик бутактары коомчулуктун талкуусуна коюп, эл менен кеңешип анан идеяны ишке ашырышса жаман болмок эмес. Менин бул маселе боюнча жеке пикирим ушундай.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 43 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: