Menu

Гүлзат Мамытбек: “Мен сынбайм, тескерисинче экинчи демим ачылып жатат”

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары интернет айдыңында өзүн-өзү кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбектин элге дем берген видеолору тынымсыз жарыяланып келет. Элге мотивация берип, ар дайым позитивдүү жүргөн Гүлзат айым акыркы күндөрү жеке турмушундагы көйгөйлөрүнөн колу бошобой жаткан учур. Балдарын көргөнү мурунку жолдошуна барып шагы сынып кайткан Гүлзат айымдан кабар алдык.

– Гүлзат айым, мурдагы жолдошуңуз менен бала талашканыңыз бардыгына маалым болду. Эмне себептен балдарды көрүүгө уруксат бербей жатат?

– Негизи бул адам менен ажырашып жатканда “Ажырашпайм” – деп мени кое берген эмес. Баары бир суурулуп чыгып кеткем. “Эгер кете турган болсоң үйдү бербейм” -деп тапанча такап коркуткан. Эптеп кичинекей баламды алганыма кубанып кетип калгам. Эки балам болсо үйдө калган. Жолдошумдун аты Курманкулов Талантбек Исмаилович. Бул адам балдарга жакшы мамиле кылганы менен аялдарга өтө жаман мамиле кылат. Мага чейинки биринчи аялын сабап колун сындырган, чаап жибергенде тиши сынып кеткен. Азыр үчүнчү аялы менен жашайт. Аны да балдардын көзүнчө аёосуз сабайт экен. Мени болсо кантип кордогонун өз көзүңүздөр менен көрдүңүздөр. Мунун сырын билгендиктен кетип жатканда үйдү таштап, эки баламды калтырууга аргасыз болуп кеткем. Төркүнүмө барсам ата-энем да үйүнө киргизбей коюп көчөдө эле калгам. Бир эженин үйүнө барып жатып, ошол эженин үйүндө бир жумача баш калкалап, андан соң офис ачып алып ошол жакка кетип калдым. Эмне себептен балдарды көрсөтпөй жатат? Себеби менин ийгиликтеримди көрө албай ичи күйүп өрттөнүп жатат.

– Алгачкы таанышкан күнүңүз эсиңизде болсо керек?

– Албетте эсимде. Экөөбүз биринчи жолу жолукканда эски, жыртык кийимдерди эле кийип, эски унаа менен келген. А мен ал учурда “Нigh Тimе” аттуу англис тилин үйрөтүү борборум дүркүрөп өнүгүп турган. Кымбат, джип үлгүсүндөгү унааларды айдап жүрчүмүн. Эки-үч фирмам бар болчу. “Күйөөгө тий” – деп суранганынан турмушка чыккам. Ал менин айылдашым. Ушундай жакшы эмес адамга кабылып калып, турмушта абдан кыйынчылыкка дуушар болдум. Мени эптеп эч жакка чыгарбай токтотуп, өнүктүрбөстүн гана аракетинде. Балдарымды бетине кармап “Антип салам, минтип салам” – деп коркутат.

-Демек, сиз элге дем берип жүргөндө балдарды атасы бакчу турбайбы?

– Ооба, атасы менен болчу. Шартка байланыштуу кичүүсүн гана алып кеткенге аргасыз болуп калдым. Ишемби, жекшемби күндөрү алып кетип жолугуп турчумун. Атасы үйлөнгөндө өгөй эне менен жашап калышты. Өгөй энеси аябай жакшы адам, бирок өгөй деген өгөйлүгүн баары бир кылат да. Мен негизи ушинтип ызы-чуу болуп соттошпой эле коеюн дегем. Жашоодо бир да жолу эч ким менен соттошуп көргөн эмесмин. Бул киши мени 2-3 жолу сотко бергенден кийин соттошууну туура көрдүм. Ал негизи аялдардай ызылдай берген адам. А мен тескерисинче эркек сыяктуу аялмын. Ушул кезге чейин теңелбей, айтканына көнүп келсем да, мени соттошууга аргасыз кылып жаткандык тан кандайдыр бир чара көрүүнү туура көрдүм.

– Демек эми ал адамды сотко сиз бересиз?

– Ооба, азыр өзүм аны сотко берип, балдарымдын бирин калтырбай өзүмө алайын деп жатам. Балдарым мен каякта болсом ошол жакта болот. Азыркы жолдошуд Хуан экөөбүз кеңешип, балдарды чет өлкөгө алып кете турган болдук.

– Хейтерлер ыйлаган видеолоруңузду көрүп Мамытбектин деми басылдыбы деп жатышат го? Эми деле дем бере бересизби?

– Хейтерлер тилегине жетишпейт. Себеби ушул абалдан пайдаланып өзүмө-өзүм дем берип, Гүлзат сен дагы да күчтүү болушуң керек деп жатам. Бул кырдаал мени чөктүрбөйт, тескерисинче экинчи демим ачылып жатпайбы.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: