Menu

Өлкөдө ЖЭБден башка ири долбоорлор да текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Кыргызстанда ири долбоорлордо мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарыл. Мындай пикирди депутат Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү жыйында Бишкек ЖЭБин модернизациялоодон тышкары, «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы өткөргүчү «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү жолу, «Акылдуу шаар» сындуу ири долбоорлорун, ошондой эле бир катар компаниялардын иликтөө боюнча тапшырмалар берилгенин эске салып, анын аткарылуу абалына кызыкты. УКМКнын төрагасы Идирис Кадыркулов буга чейин негизги күч Бишкек ЖЭБин модернациялоо ишине бурулганын, азыр башка иштер да иликтене баштала турганын билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов анын сөзүн бекемдөө менен бирге, айрым иштер Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору менен катар эле башка иштер боюнча да иликтөөлөр жүргүзүлүп келгенин белгиледи. «Бишкек ЖЭБи боюнча 8 эксперт менен 47 тергөөчү иштеди. Азыр алардын колу бошоп калды, жакында башка иштерди иликтөөгө жөнөтөбүз», — деп кошумчалады ал.

Ал эми Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов ушу тапта «Түндүк-Түштүк» жолунун бүткөрүлгөн участкалары аудит иштери жүргүзүлүп жатканын, Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы өткөргүчү долбоору боюнча аудиттик текшерүү жумуштары башталганын айтты. «Аудит жыйынтыгы чыккан соң, материалдарды укук коргоо органдары менен бирге парламенттин кароосуна киргизебиз», — деди ал.

Депутат Курманкул Зулушев өлкө аймагында ишке ашырылган жана ишке ашырылып жаткан ири долбоорлордун жүрүшүн кылдат текшерип чыгып, мыйзам бузуу фактылары табылса, ага тийиштиги бар кызмат адамдарынын баарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу зарылдыгын белгиледи.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: